Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бообекова: өткөөл куракта балдар атактуу адамдарга окшошкусу келет

© Sputnik / Табылды КадырбековАга окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова. Архив
Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова өткөөл курактагы балдардын эмне көйгөйү бар экенин ата-эне сөзсүз сурап турушу шарт экенин айтты.
Бообекова: өткөөл куракта балдар атактуу адамдарга окшошкусу келет

Өткөөл куракта балдар өзүн издеп, келечекте ким болорун аныктайт. Алардын эстрада жылдыздарына, же атактуу инсандарга окшош болгусу келип, аларды туураганы нормалдуу эле көрүнүш. Бул тууралуу Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк учурда балдар өздөрүн кино каармандардан издешет.

"Бул учурда өспүрүмдөр окуган китептеринен, көргөн тасмаларынан өзүн издеп, аларга окшош болгусу келет. Айрым балдар мушташкан каармандарды жогору көрүп, аларды туурап туура эмес жолго түшүп кетиши да мүмкүн. Ошондуктан ата-энелердин баланы көзөмөлдөөсү өзгөчө өткөөл куракта маанилүү. Баланын эмне каалап жатканын, кандай көйгөйү бар экенин билип, анын ою менен эсептешүү зарыл. Азыр технологиянын жетишкен заманында алардын кыялы, максаттары, жашоодон каалагандары таптакыр башкача болушу мүмкүн", — деди психолог.

Ал уул бала атасын карап ага окшош болгусу келер-келбесин чече турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0