Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Өзүбеков: Кыргызстан массалык туризмге кызыкпашы керек

© Sputnik / Табылды КадырбековИсполнительный директор ассоциации "Кыргыз туризм" Мырзабек Озубеков
Исполнительный директор ассоциации Кыргыз туризм Мырзабек Озубеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомчулукка негизделген кыргыз туризми ассоциациясынын аткаруучу директору Мырзабек Өзүбеков массалык туризмге жол берген өлкөлөрдө учурда экологиялык олуттуу көйгөйлөр болуп жаткандыгын айтты.
Өзүбеков: Кыргызстан массалык туризмге кызыкпашы керек

Кыргызстан массалык туризмге жол бербеши керек. Себеби мунун өлкө бюджетине убактылуу жардамы тийгени менен келечекте ири экологиялык көйгөйлөргө алып келет. Мындай пикирин Мырзабек Өзүбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан дүйнө элине экологиялык таза аймак катары таанылганы туура.

"Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй туризм тармагы эки жол менен өнүгөт. Интенсивдүү жана экстенсивдүү. Биз интенсивдүү багытын, башкача айтканда, бир туристтен көп пайда көрүүнү тандап алышыбыз керек деп ойлойм. Анткени экстенсивдүү багытын тандоо менен көп туристтердин кирүүсүнө жол беребиз. Көп саякатчы келсе, көп акча табабыз деп убактылуу кызыкканыбыз менен экологиябызды талкалап, келечекте олуттуу көйгөйлөр жаралат. Непалды мисалга алсак, бир канча жыл мурда массалык туризм аркылуу каражат тапканы менен учурда тонналаган таштанды көйгөйү курч. Эми алардан арылуу үчүн миллиардаган чыгым кетет. Андыктан биз экологиялык таза туризмди бренд кылуу менен каражат тапкан өлкөгө айлансак болот", — деди Өзүбеков.

Ал массалык туризм улут маданиятына да терс таасирин тийгизерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0