Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ишекеев: жарнактардагы каталарды көзөмөлдөөгө Тил комиссиясынын каражаты жок

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев. Архив
Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев көчөдөгү ката жазылган көрнөк-жарнактар үчүн айып пул салуу боюнча мыйзам долбооруна президент кол койгонун айтты.
Ишекеев: жарнактардагы каталарды көзөмөлдөөгө Тил комиссиясынын каражаты жок

Өткөн жылы тил нормаларын бузгандарга айып пул салуу боюнча депутаттар мыйзам долбоорун сунуштап, ага жай мезгилинде президент кол койгон. Эми бул долбоор иштейт деген ишеничтебиз. Бул тууралуу Назаркул Ишекеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, анда тил нормасын бузган жарандарга 1000 сом, мекемелерге 10 000 сом айып пул каралган.

"Көчөдө илинген ката жазылган көрнөк-жарнактар менен иштөө өтө көйгөйлүү маселе. Шаарды кыдырып басканда аларды көрүп уяласыз. Мына ушул нерсени көзөмөлгө алууга тил комиссиясында каражат жок. Чет өлкөдөн келген жарандар өздөрүнүн тилиндеги ката жазылган баннерлерди көрүп күлүп жатышат. Аларга да уят болуудабыз. Эми жогорудагы мыйзам ишке ашып калса, бул нерселер көзөмөлгө алынат деген ишеничтебиз. Жарнамалар чоң шрифт менен кыргызча, андан кийин кичине шрифт менен орус тилинде жазылышы керек. Көрнөк-жарнактар ушул эки тилде гана жазылууга тийиш. Бизде болсо кытай, араб жана англис тилиндеги жарнактар көчөлөргө илинип жатат", — деди Ишекеев.

Ал ар бир көрнөк-жарнак чоң акча болгондуктан, анын аркасындагы адамдар менен күрөшүү жеңил болбой жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0