III Түрк Дүйнөсүнүн даректүү фильмдер фестивалынын калыстар тобунун мүчөсү Стамбулбек Мамбеталиев

Мамбеталиев: Түркиядагы фестивалда төрт кыргыз студенттин тасмасы финалга чыкты

292
(жаңыланган 19:57 13.10.2018)
III Түрк Дүйнөсүнүн даректүү фильмдер фестивалынын калыстар тобунун мүчөсү Стамбулбек Мамбеталиев кинонун тили менен тартылган тасмалар алдыңкы орунга чыккандыгын айтты.

Түркияда өткөн III Түрк Дүйнөсүнүн даректүү фильмдер кино фестивалында төрт кыргыз студенттин эмгеги финалга чыгып, арасынан Жибек Абдуллабаеванын "Айымдын дүйнөсү" аттуу кыска метраждуу тасмасы 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Стамбулбек Мамбеталиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Абдуллабаеванын тасмасы дипломдук иши үчүн тартылып, аталган фестивалдын студенттик категориясында ат салышкан.

"Аталган фестивалдын максаты – түрк тилдүү мамлекеттердин маданиятын башка өлкөлөргө таанытуу. Ар жылы ар кандай тематика боюнча фестиваль уюштурулуп келет. Жалпы 20 мамлекеттен 140 тасма катышып, профессионалдык жана студенттик категория боюнча ат салышты. Бул жылы энелердин коомдогу ордун чагылдырган тасмалар студенттик конкурстун талаптарына жооп берди. Анын ичинен кыргызстандык жаш режиссёр Жибек Абдуллабаеванын "Айымдын дүйнөсү" тасмасы 3-орунду алды", — деди калыстар тобунун мүчөсү.

Мамбеталиев аталган фестивалга калыстык кылуу үчүн түрк тилдүү мамлекеттердин ар биринен бирден киши чакырылса, Кыргызстандын атынан эки киши калыстык кылганын кошумчалады.

292
Белгилер:
тасма, сыйлык, кинофестиваль
Тема боюнча
Кыргызстандык режиссердун "Аврора" тасмасы Кореядагы фестивалда күч сынашууда
Кулмендеев: бишкектиктерди бекер кино көрүп кетүүгө чакырабыз
Пикирлер