Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ташматов: 2019-жылдан тарта коомдук жайлардын тазалыгын милиция көзөмөлдөйт

© Sputnik / Асель АкматалиеваИИМдин өкүлү Борборбек Ташматов. Архив
ИИМдин өкүлү Борборбек Ташматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин өкүлү Борборбек Ташматов административдик мыйзам бузуулар кодексине өзгөртүүлөр киргизилип жаткандыгын, алар 2019-жылдан баштап иштей баштаарын айтты.
Ташматов: 2019-жылдан тарта коомдук жайлардын тазалыгын милиция көзөмөлдөйт

2019-жылдын 1-январынан тарта коомдук жайлардагы тазалыкты көөзөмөлдөө милиция кызматкерлерине өтөт. Бул тууралуу Борборбек Ташматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мурда коомдук жайлардагы тазалыкты сактабагандарга Экотехинспекция гана айып пул сала алчу.

"Мурда көчөдө таштанды ыргыткандарга Экотехинспекция гана эскертүү берип же жазага тарта алчу. 2019-жылдын 1-январынан тарта бул иш милицияга өтөт. Жаңы жылдын биринчи күнүнөн баштап атайын урнага эмес, жөн гана жерге таштанды таштаган жарандарды милиция кызматкерлери токтотуп, жеринде протокол түзүп айып пул салганга укуктуу болот. Айдоочулар терезесин ачып түкүрүп же таштанды ыргыткан учурда да ЖКККББнын кызматкерлери автоунааны токтотуп, айыпка жыгат", — деди Ташматов.

Ал мыйзамдардын мындай өзгөрүүсү менен катар, админстративдик мыйзам бузуулар катталган учурда төлөнчү айып пулдардын өлчөмү да көбөйөөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0