Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Түлөбаев: Бишкектеги бактардын 60-70 пайызы кыйылыш керек

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-президент компании "Аю" Балбак Тулобаев
Вице-президент компании Аю Балбак Тулобаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев мурунку мэр шаарга негизинен туура бак-дарактарды тиккенин айтты.
Түлөбаев: Бишкектеги бактардын 60-70 пайызы кыйылыш керек

Бишкек шаарындагы бактардын 60-70 пайызы кыйылыш керек. Бул тууралуу Балбек Түлөбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, шаардагы бактар биринин үстүнө бири кулап, зыян келтире баштады.

"Өзүм Стамбул университетинин токой чарба факультетин аяктагандыктан, кандай бак-дарактарды шаарда өстүрүүгө болорун жакшы билем. Мурунку Бишкек шаарынын жетекчилиги тиккен бактардын баары негизинен туура болгон. Шаарга бир тараптуу бак тиккен туура эмес. Мисалы терек десе эле терек тиге берген болбойт. Бат өскөн бактар тигилип, жалбырактары шаарды булгабоого тийиш. Азыркы кезде Бишкектеги бак-дарактардын эскилиги жетип, көп мезгил өтүп калгандыктан, алардын 60-70 пайызы кыйылыш керек. Антпесе биринин үстүнө бири кулап, зыян келтире баштады", — деди Түлөбаев.

Ал ошондой эле мындан ары сейил бактарга үйлөр салынбай, мыйзамсыз курулуш иштерине жол берилбей турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0