Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Баатырбеков: шайлангандан кийин депутаттар этика курсунан өтсө

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков
Кыргызстан фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков депутат негизги ишмердүүлүгүнө киришкенге чейин атайын этика курсунан өтсө ашыкбаш болбой турганын айтты.
Баатырбеков: шайлангандан кийин депутаттар этика курсунан өтсө

Депутатты шайлангандан кийин атайын этика курсунан өтүүгө милдеттендирип койсо болот. Мындай кадам парламентарийдин маданияттуулугун жогорулатат. Бул тууралуу Алмазбек Баатырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жалпы депутаттарга көө жапкан, өзүн-өзү алып жүргөндү билбеген эл өкүлдөрү парламентке келип калган учурлар бардык эле коомдо болуп келет.

"Талапкерлер шайланып келип, мандатын алгандан кийин депутат болуп эсептелет эмеспи. Ошол мандатын алаарда, шайлоодон соң этика, өзүн-өзүн алып жүрүү боюнча бир айлык болобу, андан көбүрөөкпү, кандайдыр бир курстардан өтүүгө милденттендирип, керек болсо ал курста сынакты ийгиликтүү тапшырмайын депутаттык мандатын бербей турган эреже киргизсе болот. Бул канчалык бир деңгээлде ошол адамды маданияттуулукка тарбиялайт болуш керек. Бирок депутат деле мектептеги окуучулардай да. Маданияттуулук, жоопкерчилик дегенди ар кимиси ар кандай түшүнөт. Албетте, азыркы парламентте жалаң эле маданиятсыз эл өкүлдөрү отурабыз дегенден алысмын. Бирин-серин андай учурлар болуп калат, бул эми бардык эле коомдо боло жүрчү көрүнүш", — деди Баатырбеков.

Ал коомдун бийлик өкүлдөрүнө, депутаттарга ачык сын-пикир айтылып жаткандыгы да аларды түзөнүүгө чакырат деген пикирин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0