Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кульджигачев: Бишкек ЖЭБи кышка толугу менен даяр

© Sputnik / Асель АкматалиеваБишкек Жылуулук энергетикалык борборунун башкы инженери Нурлан Кульджигачев
Бишкек Жылуулук энергетикалык борборунун башкы инженери Нурлан Кульджигачев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек Жылуулук энергетикалык борборунун башкы инженери Нурлан Кульджигачев быйыл ЖЭБде авариялык көрүнүштөр кайталанбайт деп билдирди.
Кульджигачев: Бишкек ЖЭБи кышка толугу менен даяр

Бишкек Жылуулук энергетикалык борбору кышка толугу менен даяр. Бул тууралуу Нурлан Кульджигачев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып белгиледи.

Анын айтымында, учурда аталган ишканада 286 миң тонна көмүр бар.

"Быйыл көмүр, мазут жетиштүү эле даярдалды. Тиешелүү жабдыктардын баары кароодон өткөрүлүп, оңдолуп түзөлдү. 17 буу казандын 12си учурда даяр турат. Негизи катуу суукта деле алардын 8-9у иштейт, калганы резервде турушу керек. Учурда бизде 286 миң тонна көмүр бар. Казакстан менен түзүлгөн келишимдин негизинде дагы көмүр алынат. Биз кышка толугу менен даярбыз деп коркпой эле айта алам", — деди Кульджигачев.

Ал былтыр ЖЭБде болгон аварияны эске алып, быйыл даярдыктар өзгөчө дыкат көрүлгөндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0