Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шамкеев: 2019-жылдан тарта ипотекалык кредиттин пайызы дагы төмөндөйт

© Sputnik / Асель АкматалиеваПредседатель правления ОАО "Государственная Ипотечная Компания" Бактыбек Шамкеев
Председатель правления ОАО Государственная Ипотечная Компания Бактыбек Шамкеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик ипотека компаниясынын төрагасы Бактыбек Шамкеев өкмөт тарабынан үчүнчү ирет бөлүнгөн 500 миллион сом "Жеткиликтүү турак жай" программасынын алкагында 7 пайыздык үстөк менен берилерин айтты.
Шамкеев: 2019-жылдан тарта ипотекалык кредиттин пайызы дагы төмөндөйт

2019-жылдын экинчи бөлүгүнөн тарта мамлекеттик ипотекалык кредит берүүнүн пайызы дагы төмөндөйт. Ал 6 пайызга түшүрүлөт. Бул тууралуу Бактыбек Шамкеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып белгиледи.

Анын айтымында, учурда мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыя менен үйлүү болууну каалап, кезекте тургандардын саны 6 миңге жетти.

"Учурда мамлекеттик ипотекалык кредит берүү токтотулуптур деген туура эмес маалымат тарап кетиптир. Биз "Жеткиликтүү турак жай" программасынын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге ипотекалык кредит берүүнү улантып жатабыз. Болгону өкмөт буга чейин бөлгөн 500 миллион сом берилип бүттү. Бирок бул токтоп калды дегенди билдирбейт, компания азыр өз эсебинен насыя берип жатат. Компаниянын өз эсебинен берген акчасы жалпы кредиттин 30 пайызына жетип калды. Жакында өкмөт дагы 500 миллион сом бергени турат. Бул каражат 7 пайыздык үстөк менен берилет. Ал эми 2019-жылдын экинчи жарымынан тартып пайыздык үстөктү 6 пайызга түшүрүүгө аракеттенип жатабыз. Учурда мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жайлуу болгусу келген 6 миң жаран кезекте турат", — деди Шамкеев.

Ал эл аралык башка тажрыйбаларга байкоо жүргүзүлүп, алардан Кыргызстанга туура келген жактарын алуу да каралып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0