Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сагындык уулу: Бишкекте жер ижарасын төлөбөгөндөргө чара колдонулат

© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник Управления землепользования и строительства мэрии Бишкека Азамат Сагындык уулу
Начальник Управления землепользования и строительства мэрии Бишкека Азамат Сагындык уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы Азамат Сагындык уулу борбор калаада жерди ижарага алып иштетип жаткандар акчасын убагында төлөбөй жатканын айтты.
Сагындык уулу: Бишкекте жер ижарасын төлөбөгөндөргө чара колдонулат

Жердин ижара акысын төлөбөгөндөр менен келишимди токтотууга даярбыз. Учурда ижарага алган ишкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Азамат Сагындык уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып белгиледи.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө 1870 ижарачы болсо, карыздын суммасы бир миллиардан ашты. Бул дебитордук карыз болуп эсептелет.

"Жердин ижара акысын деле телефонго жүктөгөн бирдик катары төлөп турса болот. Биздин ижарачыларыбыз башында бир, эки жыл убагында төлөп, бардык эрежелерди сактап жакшы эле иштеп башташат. Анан эле төлөм жүргүзүүнү кечиктиришет. Келишим боюнча ижара акысын ар бир квартал сайын төгүп туруу зарыл. Биздин ишкерлер жылдап төлөбөй жүрө бергендиктен, ага туум эсептелип, көбөйүп кетет. Андай учурда кайра нааразы болуп, мэрияны сотко беришет. Учурда ижарачылардын шаар мэриясына болгон карызы бир миллиар сомдон ашты. Бул көп жылдан бери чогулган дебитордук карыз. Мындан ары убагында төлөбөгөн ишкерлер менен келишимди үзүп, ал жерлерди башка, мыйзам менен иштеген жарандарга берели деп жатабыз", — деди Сагындык уулу.

Ал жерди ижарага берүү мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси да каралып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0