Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Давлеталиев: эл тамактануучу жайлардын стикерине маани бере баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика министринин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу башкармалыгынын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Давлеталиев
Экономика министринин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу башкармалыгынын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Давлеталиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика министринин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу башкармалыгынын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы адиси Бакыт Давлеталиев кафе-ресторандарга жабыштырылган стикер өз максатына жете баштаганын айтты.
Давлеталиев: эл тамактануучу жайлардын стикерине маани бере баштады

Калк тамактануучу жайлардын стикерине маани бере баштады. Бул тууралуу Бакыт Давлеталиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кафе-ресторандардын санитардык абалын көрсөтүп турган стикерлер башка мамлекеттерде байма-бай чапталып келген.

"Мындай токтом долбоору буга чейин Кыргызстанда чыккан эмес. Ал эми чет өлкөлөрдө бул нерсе байма-бай колдонулуп келет. Тамактануучу жайларга стикер аркылуу баанын берилиши бул жылы пилоттук негизде каралды. Негизи аталган долбоор эки жылга түзүлгөн. Бул жылы Бишкек шаары менен Ысык-Көл жергесинде аткарылса, эми кийинки жылы аймактардагы да тамактануучу жайлардын абалы текшерилип, жыйынтыгы элге белгилүү болушу үчүн стикер чапталат. Долбоордун алкагында биз эки максат койгонбуз. Биринчиси — элге тамактанып жаткан жеринин сатитардык абалы тууралуу маалымат берүү. Экинчиси — текшерүүдөн соң жыйынтык чыгаруу. Бүгүнкү күндө долбоордун максаты ишке аша баштады", — деди Давлеталиев.

Ал квартал сайын текшерүүнүн жыйынтыгы менен тамактануучу жайларга берилген стикерлер өзгөрүп турарын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Бишкектин эң начар жана эң мыкты кафе-ресторандардын тизмеси аныкталган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0