Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманалиев: туристтик милиция экологияны да көзөмөлдөөсү керек

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл районунун акими Данир Иманалиев
Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев туристтик милиция Кыргызстан үчүн керектүү тармактардын бири экенин айтты.
Иманалиев: туристтик милиция экологияны да көзөмөлдөөсү керек

Туристтик милиция эс алуучу жайлардагы кылмыштуулук менен күрөшүп, туристтердин коопсуздугуна кам көрүп жана экологияны да көзөмөлдөөсү керек. Мындай пикирин Данир Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, экологиялык мыйзам бузуулар учурунда төлөнүүчү айып пулдардын көлөмүн жогорулатуу дагы мезгил талабы болуп турат.

"Туристтик милиция түзүлүп жаткандыгын биз да угуп жатабыз, албетте, колдойбуз. Бирок аларды бир гана туристтердин өзү менен иштей турган кылбай, туристтик аймактардагы тазалыкты көзөмөлдөөгө, бак кыйып, көлгө автоунаа менен кирип кетсе же таштандыны туура эмес жерге төксө жеринен иш алып барып, айып сала тургандай мүмкүнчүлүктөрдү бериш керек. Бүгүнкү күндө бул иштерди Экотехинспекция аткарууда, бирок алар барып айып пул салып кеткен күндө да аны төлөтүү механизмдери жакшы иштебей жатат. Айып пулдардын да көлөмүн көбөйтүү зарыл. Ошондо гана туристтик милициянын аткарган иши көзгө көрүнүп, саякатчыларга да, жергиликтүү калкка да жакшы шарттар жаралат", — деди Иманалиев.

Ал Кыргызстандын туристтик потенциалы жогору экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0