Эйр Манас авиакомпаниясынын финансы боюнча директорунун орун басары Данияр Арынов

Арынов: эл кайсы авиакомпаниянын акыбалы кандай экенин ажырата билсе

223
(жаңыланган 13:27 22.10.2018)
"Эйр Манас" авиакомпаниясынын финансы боюнча директорунун орун басары Данияр Арынов Бишкек-Ош каттамы боюнча учак билеттеринин баасы 1400-4000 сом болуп жатканын айтты.
Арынов: эл кайсы авиакомпаниянын акыбалы кандай экенин ажырата билсе

"Эйр Манас" авиакомпаниясына тиешелүү эки гана учак бар. Бул тууралуу Данияр Арынов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, дүйнө жүзү боюнча учак тетиктерин чыгарган 5-6 гана өлкө бар.

"Ушу тапта Бишкек-Ош аба каттамы боюнча билеттердин баасы 1400-4000 сомду түзүүдө. Биздин аба кемелерибиз негизинен Бишкек-Ош каттамы боюнча эле учат. Башка аэропортторго коно албайт. "Эйр Манас" авиакомпаниясына таандык болгон эки гана учак бар. Бирине 20, бирине 10 жыл толду. Соңку кездерде авиакомпаниялар боюнча жалпыланган маалыматтар тарап кетти. Эл аларды өзүнчө карап, кайсы компаниянын акыбалы кандай экенин билүүгө тийиш. Антпесе күнөөсүздөр деле күнөөлүү болуп калууда. Техника деген техника экен. Канча караса деле президенттердин учагы да бузулуп турат. Азыркы кезде дүйнө жүзү боюнча учак тетиктерин даярдап чыгарган 5-6 гана өлкө бар", — деди Арынов.

Ал мамлекеттик тиешелүү органдар башка мамлекеттерден тетиктерди алып келүүгө жеңил жана ыңгайлуу жолдорду карап чыгышы керектигин кошумчалады.

223
Белгилер:
авиакомпания, авиабилет, учак
Тема боюнча
Өлкөнүн бир да аба майданы талапка жооп бербейби? "Манас" аэропортунун жообу
Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын Санариптик финансылык технологиялары боюнча бөлүмүнүн башчысы Айбек Султаналиев

Султаналиев: идентификацияланган электрондук капчыктын иши токтобойт

69
Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын Санариптик финансылык технологиялары боюнча бөлүмүнүн башчысы Айбек Султаналиев 1-октябрдан тарта идентификациядан өтпөгөн электрондук капчыктардын иши токтой турганын айтты.
Султаналиев: идентификацияланган электрондук капчыктын иши токтобойт

Электрондук капчыкты идентификациялоо — ишкерликти чектөө эмес. Анткени алардын иши токтоп калбайт. Бул тууралуу Айбек Султаналиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, эл аралык электрондук капчыктар дагы идентификациялануусу зарыл.

КРде 1-октябрдан тарта айрым электрондук капчыктардын иши токтойт. Себеби

"Улуттук банктын башкаруучулугунун 2019-жылдын 30-сентябрында кабыл алынган токтомуна ылайык, ушул жылдын 1-октябрынан баштап идентификациядан өтпөгөн электрондук капчыктар тейленбейт. Бул чара айрым тобокелчиликтердин алдын алуу жана аларды минималдаштыруу максатында киргизилүүдө. Тактап айтканда, террорчулукту каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы мыйзамдын талаптарын аткаруу, тыюу салынган товарларды сатып алуунун алдын алуу мерчемделүүдө. Мындан тышкары, автоматташтырылган системалар иштен чыкса, идентификацияланбаган капчыктардын ээсине алардын акчасын кайтарып берүү кыйынчылык жарата турганын тажрыйба жүзүндө көрдүк. Электрондук капчыктарды милдеттүү түрдө идентификациялоо ишкерликти чектөө болуп саналбайт. Анткени алар өз ишмердигин токтотпойт. Тескерисинче, төлөм системаларынын ишин коопсуз жана ишенимдүү кылат", — деди Султаналиев.

Адис өлкөдө электрондук капчыктарды колдонуучулардын саны жылдан-жылга өсүп жатканын белгилеп, бул төлөм системасынын келечеги кең экенин кошумчалады.

69
Белгилер:
мыйзам, ишкердик, электрондук капчык
Тема боюнча
Көпчүлүк билбейт. Адис электрондук капчыктын артыкчылыгын санап берди
Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев

Жуматаев: ЕАЭБдин алкагында илимди интеграциялоо бизге пайдалуу

46
(жаңыланган 15:19 30.09.2020)
Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев ЕАЭБдин алкагында илимди интеграциялоо боюнча аракеттер көрүлүп жатканын маалымдады.
Жуматаев: ЕАЭБдин алкагында илимди интеграциялоо бизге пайдалуу

ЕАЭБдин алкагында илимди интеграциялоо биздей экономикасы чакан өлкөгө пайдалуу. Анткени уюмдун ичинде бул тармакта каражат, жабдууларды бирге колдонсо болот. Мындай пикирин Мурат Жуматаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Евразия экономикалык комиссиясынын алдында түзүлгөн илимий-техникалык кеңештин алгачкы отуруму 10-сентябрда болгон.

Вице-премьер: интеграциялык процесстер өлкө эгемендигине коркунуч келтирбейт

"Көйгөйлөр көбүнесе бир эле мамлекет менен чектелбейт. Айрым маселелер бир аймакта жашаган же чектеш өлкөлөрдүн баарына өз таасирин тийгизет. Азыр "Евразиялык жол", "Бир алкак — бир жол" деген долбоорлор бар. Алардагы кездешкен айрым маселелерди чечүү үчүн илимий колдоо зарыл. Ошондуктан илимди интеграциялоо биздей экономикасы чакан өлкө үчүн абдан керек болууда. Анткени бул тармак чоң каражатты талап кылат. Ал эми бизде СССР тарагандан бери илимди каржылоо өтө солгун жүрүп келет. Эгер уюмдун алкагында кызматташуу күч алса, бири-бирине ар тараптан колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Себеби бирликтин ичиндеги өлкөлөрдүн биринде каражат менен камсыздоо жакшы болсо, башкасы заманбап жабдууланган. Интеграциялоо ишке ашса ушуларды бирге колдонуу жолдорун карап көрсө болот. Ал үчүн бири-бирине карама-каршы турган улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүү зарыл", — деди Жуматаев.

Академик илимди интеграциялоону ишке ашыруу үчүн ортодо атайын фонд түзүү сунушталганын кошумчалады.

46
Белгилер:
көйгөй, кызматташуу, илим, Евразиялык экономикалык биримдик, Мурат Жуматаев
Тема боюнча
ЕАЭБ өлкөлөрү илим менен техниканы биргеликте өнүктүргөн кеңеш түздү
Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:03 30.09.2020)
Бейшембиге караган түнү айрым райондордо жамгыр жаап, тоолуу өрөөндөрдө кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. 1-октябрь, бейшембиде, күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Ысык-Көл, Нарын жергесинин көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жамгыр жаап, тоолуу жерлерге кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Жер көчкөн Кара-Кече көмүр кенине электр жарыгы берилди. Сүрөттөр

Абанын температурасы Чүйдө +14...+19, Талас, Нарын жана Ысык-Көл аймактарында +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16...+21 градус болот.

Термометрдин көрсөткүчү борбор калаабыз Бишкекте +17...+19, Ош шаарында +18...+20 градусту көрсөтүп турат.

0
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кыштын илеби жакындап... Октябрь айына карата аба ырайы