Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Саргалдаев: кыргыз элинин кең пейилдигин даңазалаган тасма тартылды

© Sputnik / Асель Акматалиева"600 күндүк үмүт" даректүү тасмасынын продюсери Арстанбек Саргалдаев
600 күндүк үмүт даректүү тасмасынын продюсери Арстанбек Саргалдаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"600 күндүк үмүт" даректүү тасмасынын продюсери Арстанбек Саргалдаев аталган тасма Кыргызстанда жана Японияда тартылганын айтты.
Саргалдаев: кыргыз элинин кең пейилдигин даңазалаган тасма тартылды

"600 күндүк үмүт" деп аталган даректүү тасмада кыргыз элинин кең пейилдиги даңазаланды. Бул тууралуу Арстанбек Саргалдаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Биздин маектеш бул тасма сентябрда Японияда, октябрь айында Бишкек калаасында көрсөтүлгөнүн айтты.

"600 күндүк үмүт" даректүү тасмасында Дүйнөлүк II согуштун мезгилинен кийин 1946-жылы Япония жергесинен Ысык-Көлгө келген жарандардын эки жыл баш калкалап, кайра 1948-жылы өз мекенине кайткан учуру көрсөтүлөт. Мына ушул кезде аларды кыргыз эли бөлөк-бөтөн дебей кабыл алып, кең пейилдигин көрсөткөн экен. Жада калса кургак учук менен ооруп келген япондор Ысык-Көлдүн суусунан айыгып кетишкени тасмада айтылды. Алардын ушул тапта көзү тирүүлөрү кыргыз элине өзгөчө ыраазычылыгын билдирди. Бул даректүү тасма 2-3 сентябрда Японияда, 19-октябрда Кыргызстанда көрсөтүлдү. Кызыккандар жакын арада YouTube каналынан, же телеканалдардан көрүп калышы мүмкүн", — деди тасманын продюсери.

Ал тасманын бет ачар аземине келген япон эли кыргыздардын үй-бүлөнү ыйык тутуп келерине өтө жогору баа беришкенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0