Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бообекова: тили чыга элек баласын курска берген тенденция башталды

© Sputnik / Исмаил МамытовКандидат педагогических наук, психолог Кадиян Бообекова
Кандидат педагогических наук, психолог Кадиян Бообекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова ата-эне курска бара баштаган баласынан дароо эле чоң ийгилик көрсөтөрүн күтпөшү керектигин айтты.
Бообекова: тили чыга элек баласын курска берген тенденция башталды

Ийгилик сөзсүз эле мактоо баракчалар, грамоталар менен чектелбейт. Баланын бир нерсеге кызыгып, аны таштабай улантып жатышы да ийгилик болуп эсептелинет. Бул тууралуу Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ата-эне баласына эмне жагарын билип, ошого жараша шарт түзүп берүүгө аракет жасоого тийиш.

"Азыр ата-энелер тили чыга элек баласын да англис тили курсуна жиберген тенденция башталды. Бул нерсенин канчалык деңгээлде максаттуу экенин айта албайбыз. Ата-эне балага эмне жагарын, эмнеге кызыгарын сурап, билиш керек. Айрым өспүрүм балдар ата-энеси жаздырып койгон тил курстарына барып, ага каалоосу жоктугунан улам телефон ойноп отурушу мүмкүн. Ошондой эле курска барган баладан дароо чоң ийгилик жаратып жиберет деп күткөн да туура эмес. Бул нерсе бала менен ата-эненин ортосунда конфликт жаратышы мүмкүн. Ийгликтүү кылам деп баласын ар курска жаздыра берип, аны чарчатып алуудан алыс болуу керек. Анан да ийгилик мактоо баракчалары, грамоталар менен чектелбейт. Баланын бир нерсени таштабай, аны улантышы да ийгилик болуп саналат", — деди психолог.

Ал баланын жараткан ийгилиги аны чындап кубандырып, бактылуу кылууга тийиш экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0