Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ишекеев: иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү процесси жай жүрүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев. Архив
Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев дүйнөдө жети жарым миңден ашык тил бар экенин айтты.
Ишекеев: иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү процесси жай жүрүүдө

Иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү процесси жай жүрүүдө. Бул тууралуу Назаркул Ишекеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик кызматкерлер үчүн расмий тилде иш алып барган ыңгайлуу.

"Кыргызстандын мамлекеттик тилге ээ болушу — кыргыз элинин эркиндикке болгон кадамы деп эсептелген. Бул нерсени баалоого милдеттүүбүз. Жер жүзүндө 7,5 миңден ашык тил, 1194 мамлекет бар. Алардын туусу БУУда илинип турат. Анын катарында биздин да бар экенибиз өлчөөсүз зор бакыт. Бирок өз эне тилибизди көкөлөтүп, барктай албай жатканыбыз өкүндүрөт. Тил жаатында биз көп нерсени уттурдук. Мисалы мамлекеттик кызматтарда иш кагаздарынын үлгүлөрү, даяр калыптары кыргыз тилинде жок. Жарандар үчүн орус тилинде иш жүргүзүү ыңгайлуу болуп калган. Замандаштарды мекенчил болууга чакыруу менен бул жаатта бир топ иш-аракеттерди көрүп жатабыз. Бирок өтө жай", — деди Ишекеев.

Ал жарнактардагы каталарды көзөмөлдөөгө Тил комиссиясынын каражаты жок экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0