Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сапаралиев: өлкөдө жыл сайын 200 миң тоннадан ашык таш өндүрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековӨнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин орун басары Азис Сапаралиев
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин орун басары Азис Сапаралиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин орун басары Азис Сапаралиевдин айтымында, Кыргызстандын аймагы баалуу таштарга караганда курулуш жаатында пайдалана турчу таштарга бай.
Сапаралиев: өлкөдө жыл сайын 200 миң тоннадан ашык таш өндүрүлөт

Бардык таш биригип келип 58 миллион кубду түзөт. Жылына анын 200 миң тоннадан ашыгы өндүрүлөт. Аларды 73 компания иштетет.

Сапаралиев Sputnik Кыргызстан агенттигине маек куруп жатып, акыркы жылдары курулуш компаниялардын ишмердүүлүгүнүн өрүш алышы таштарды иштетүүгө салымын кошуп жатканын айтып берди.

"2010-жылдан тарта мрамор, гранит жана үлүл таштарына болгон талап өсүүдө. Себеби булардын жардамы менен имарат, үй, деги эле объектилердин ичи-тышы кооздолот. Өзүбүз эле иштете бербей Казакстан, Россияга экспорттоп жатабыз. Бир чарчы метри 7-10 долларга чейин сатылат. Анткен менен зергерликке пайдаланыла турчу баалуу таштар бизде дээрлик жок, сырттан алып келинет", — деди Сапаралиев.

Ал кошумчалагандай, өлкө аймагында болжолдуу түрдө запасы жана жайгашкан жери аныкталып, бирок ордунан козголо элек кендер толтура. Аларды пайдалануу үчүн ишкерлер кызыкдар болушу керек. Таштар суроо-талап болсо гана казылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0