Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Оторбаева: бир киши сасык тумоону 10 адамга жуктурушу мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековОорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева
Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева жарандар жөтөлүүнүн этикасын билиши керектигин айтты.
Оторбаева: бир киши сасык тумоону 10 адамга жуктурушу мүмкүн

Жөтөлгөн учурда кол менен оозду жаап, кайра эле ал кол менен ар жерди кармаган туура эмес. Бул тууралуу Динара Оторбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сасык тумоого чалдыккан адам жөтөлүп, же чүчкүргөндө жанындагыларга да ооруну жуктурат.

"Улам өзгөрүп тураган аба ырайынан улам сасык тумоого чалдыккандар көбөйүшү мүмкүн. Бирок ушул тапта көрсөткүч былтыркы учурдагыдай эле деңгээлде. Ооруган киши сөзсүз бет кап кийип, аны бат-баттан алмаштырып турушу шарт. Бир бет кап менен оорусу айыкканча жүрө берген туура эмес. Мындай учурда кайра вирустар кирип, оору күч алат. Ошондой эле бир мекемеде иштегендердин бири ооруп калса, ал жанындагы 10, же 100 адамга ооруну таркатышы мүмкүн деген маалыматтар да бар. Мындан сырткары, көпчүлүк жөтөлүүнүн этикасын билбейт. Чүчкүрүп, же жөтөлгөңдө оозду кол менен жабуу туура эмес. Анткени ал кайра эле коомдук транспорттордун эшигин, отургучун кармап, аны кармаган экинчи жаранга ооруну жуктурушу мүмкүн. Ошондуктан жөтөлгөн маалда жарандар жеңи менен оозун жаап, же бир жолу колдончу кагаз жүз аарчыларды  пайдалануу сунушталат ", — деди Оторбаева.

Ал жөтөлөөр менен колду самындап жууш зарыл экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0