Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Букалаев: консулдар көп иш аткарат, бирок элге билинбейт

© Sputnik / Табылды КадырбековКонсулдук кызмат департаментинин жетекчисинин орун басары Алмаз Букалаев. Архивное фото
Консулдук кызмат департаментинин жетекчисинин орун басары Алмаз Букалаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Консулдук кызмат департаментинин жетекчисинин орун басары Алмаз Букалаев консулдар жасаган иштердин көбү ачыкталбагандыктан элге билинбей калып жатканын айтты.
Букалаев: консулдар көп иш аткарат, бирок элге билинбейт

Консулдар аткарган иштердин көбү элге билинбейт. Анткени элге жарыялаганга мүмкүн болбогон маалыматтар болуп калат. Мындай пикирин Алмаз Букалаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы  эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, консулдук департаменттин башкы максаттарынын бири консулдук кызматтарды көбөйтүү болуп эсептелет.

"Консулдар эч кандай иш аткарбайт деген коомчулуктун пикирине кошулбайм. Мисалы Россиядагы консулдуктар айына орто эсеп менен төрт миңдей жарандын документин иреттеп берет. Мындан тышкары, эл менен байма-бай жолугушуулар, түрдүү кырсыктар учурунда көмөк көрсөтүү, укуктук-маалыматтык жардам берүү да аларга жүктөлгөн. Башкача айтканда, бир консулдукта 6-12 кызматкер иштесе, ошол шаарда же өлкөдө жүргөн миңдеген, жүздөгөн мекендештердин жаралган көйгөйлөрүн чечүүгө аракеттенишет", — деди Букалаев.

Ал ошондой эле жарандар чет мамлекетке чыгарда Миграция кызматына барып же Тышкы иштер министрлигинин сайты аркылуу бара турчу өлкөсүндө жайгашкан консулдуктун байланыш телефондорун, дарегин алып алышы зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0