Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Токтомамбетов: басмакана окуу китепти өз алдынча оңдогон учурлар болгон

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-президент Кыргызской академии образования Алмазбек Токтомамбетов
Вице-президент Кыргызской академии образования Алмазбек Токтомамбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан иштелип чыгып, басмаканага жиберилген китептердин мазмунун өз алдынча оңдогондор болгон.
Токтомамбетов: басмакана окуу китепти өз алдынча оңдогон учурлар болгон

Окуу китептериндеги каталар кандайча кетип калганы туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Алмазбек Токтомамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып айтып берди.

Анын айтымында 5-класстын "Табият тануу" китебинин мазмуну боюнча беш доомат коюлган, бирок ал каталар басмакана тарабынан кетирилген.

"Кыргыз билим берүү академиясы иштеп чыккан окуу китептер басмаканага жиберилген. Алар сурабай туруп, китептин мазмунуна өз алдынча өзгөртүүлөрдү киргизген. Оңдоогонго алардын укуктары бар, бирок мазмуну жагынан кетсе, биз менен сөзсүз макулдашуулары зарыл. Ал эми грамматика, стилистика жана башка каталарын оңдоого толук укуктары бар. Менимче, бул тажрыйба бизге көп жагынан сабак болду, себеби мындан кийин мыйзамды бузуп өз билгенин кылгандар токтойт болуш керек," — деди Токтомамбетов.

Ал басмакана менен авторлор бири-бирине күнөөлөгөндүн ордуна, өз ара жардамдашып, бул абалдан чыгыш керек экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0