Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Туратбек кызы: банктарда мал чарбачылыгына да жеңилдетилген насыя каралган

© Sputnik / Табылды КадырбековНасыя берүү боюнча эксперт, өлкөдөгү коммерциялык банктардын биринде кредиттөө башкармалыгынын башчысы Гүлзамира Туратбек кызы
Насыя берүү боюнча эксперт, өлкөдөгү коммерциялык банктардын биринде кредиттөө башкармалыгынын башчысы Гүлзамира Туратбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Насыя берүү боюнча эксперт, өлкөдөгү коммерциялык банктардын биринде кредиттөө башкармалыгынын башчысы Гүлзамира Туратбек кызы өлкөдөгү көптөгөн коммерциялык банктар мал чарбачылыгына багытталган, жеңилдетилген насыя берээрин айтты.
Туратбек кызы: банктарда мал чарбачылыгына да жеңилдетилген насыя каралган

Банктарда мал чарбачылыгына жеңилдетилген насыя каралган. Тилекке каршы, бул боюнча көпчүлүк фермерлер биле бербейт. Мындай пикирин Гүлзамира Туратбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун  эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өздөрүнүн продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларга берип турган фермерлерге артыкчылыктар каралган.

"Өлкө аймагындагы көпчүлүк коммерциялык банктарда мал чарбачылыгына багытталган, женилдетилген насыялар берилет. Банктар өзгөчө, балык өстүрүү, бодо мал, канаттуулар жана бал аарысын багууга каражат  берүүгө кызыкдар. Дыйканчылык сыяктуу эле фермеликке берилчү кредиттер да бизнестин сезонуна карап, ай сайын же квартал сайын төлөнүүчү системада берилет. Пайыздык өлчөмдөрү да ошого жараша болот," — деди Туратбек кызы.

Адис фермерликти өнүктүрүү максатында берилген кредиттердин төлөө мөөнөтү 12 айдан 36 айга чейин экенин кошумчалады. Ошондой эле ал, мындай насыяларды алуу үчүн фермер өзү каалаган банкка барып кеп-кеңеш алса болорун айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0