ИИМдин өкүлү Шумкарбек Султанов. Архив

Султанов: онлайн суракта байланыштын кайсы түрү колдонулаары так эмес

77
(жаңыланган 17:14 29.10.2018)
ИИМдин өкүлү Шумкарбек Султанов 2019-жылдын 1-январынан тарта Жазык процесстик кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, онлайн суракка алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөндүгүн айтты.

Эгер кылмышка шектүү же күбө окуя болгон жерден алыста болсо, ошол жактагы тергөөчүнүн катышуусунда онлайн сурак жүргүзүлөт. Мыйзамдагы бул өзгөрүүлөр 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет. Бул тууралуу Шумкарбек Султанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай тажрыйба чет өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп келет.

"Кылмыш жазык, Жазык процесстик, Жоруктар, бузуулар жана Жазык-аткаруу кодекстерине өзгөртүүлөр киргизилди. Алар 2019-жылдын 1-январынан баштап иштеп баштайт. Киргизилген өзгөрүүлөргө ылайык, эми тергөөчүлөр аралыктан сурак жүргүзө алышат. Мисалы: кылмышка шектүү чет өлкөдөн кармалса, аны алып келгенче тергөө иштери токтоп турбайт. Ошол кармалган жеринен эле, ал жактагы тергөөчүнүн катышуусу менен протокол түзүлүп, онлайн сурак жүргүзүлөт. Бирок, электрондук байланыштын кайсы түрү колдонулаары мыйзамда көрсөтүлгөн эмес. Мындай өзгөртүүлөр учурда бекитилди, аны кайра оңдоп чыгуу мүмкүнчүлүгү жок. Бир жыл сынамык негизде иштейт, андан соң алымча-кошумчалар киргизилет деген ойдомун," — деди Султанов.

Тергөөчү мындан сырткары, 2019- жылдын 1-январынан баштап тергөө иштерине байланыштуу жүргүзүлчү бардык сурактар видео, аудио аппараттарга жаздырылып тураарын кошумчалады.

77
Белгилер:
тергөө, кылмыш, өзгөрүү, кодекс, Шумкарбек Султанов
Тема боюнча
Султанов: эми күбөлөрдүн ордуна видеокамералар иштейт