Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакирова: согуштан кийинки тартыш жылдарга карабай теледе жигердүү иштедик

© Sputnik / Табылды КадырбековКТРКнын отличниги Сагида Бакирова
КТРКнын отличниги Сагида Бакирова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КТРКнын отличниги Сагида Бакирова бийчи болгусу келип жүрүп телеге аралашып калганын айтты.
Бакирова: согуштан кийинки тартыш жылдарга карабай теледе жигердүү иштедик

Биз кыргыз телевидениеси оор убакта турганда иштедик. Согуштан кийинки тартыш жылдар болгонуна карабай, анда иштеген адамдардын жигердүү аракети менен телевидение куралды. Мындай пикирин Сагида Бакирова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өзү бала чагынан бийчи болууга кызыкканы менен ата-энеси уруксат бербей койгон. Секелек кыз мектепти бүтүп, теле аркылуу искусствого аралашуу максатында журналистика кесибин тандаган.

"Агам искусствонун адамы эле. Анын таасириби же өзүмдө талант бар беле, айтор, бийчи болгум келчү. Тилекке каршы, ата-энеме бул тандоом жакпай калды. Аларга каршы чыга албай же көөдөнүм каалаган кесипти таштай албай, акыры журналист болууну чечтим. Мектепти бүтүп шаарга келгенимде теледе режиссер болуп иштеген Жанызак Малдыбаев агай менен таанышып калдым. Ал агайга ичимдеги каалоомду айтсам теле студияга чакырды. Алгач келгенимде мага абдан кооз, сүрдүү жер көрүндү. Ошентип режиссердун ассистенти болуп иштеп калдым", — деди Бакирова.

Журналист кыргыз телевидениесинде 30 жыл талыкпай эмгектенип, 1998-жылы ардактуу эс алууга чыккандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0