Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумакулова: жаштарга ден соолук маданиятын үйрөтүш керек

© Sputnik / Табылды КадырбековЧлен Общественного совета при Минздраве КР Бактыгуль Жумакулова
Член Общественного совета при Минздраве КР Бактыгуль Жумакулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектеп окуучуларына жана өспүрүмдөргө медициналык жардам берүү боюнча адис Бактыгүл Жумакулова жаштарга ден соолугу тууралуу жетиштүү маалымат берилбей жатканын айтты.
Жумакулова: жаштарга ден соолук маданиятын үйрөтүш керек

Жаштар ден соолук маданиятын билбегендиктен, опурталдуу оорулар жаралууда. Бул тууралуу Бактыгүл Жумакулова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурдун эң чоң көйгөйү оорулардын жашаруусу болуп жатат.

"Мектептин шарты, айланасындагы адамдар баланын ден соолугуна таасир берет. Бул учурда мектептеги медицинанын орду өзгөчө. Мектеп окуучуларына  ден соолукка кам көрүү боюнча толук айтып берүү зарыл. Алар ден соолук, тамактануу жана жүрүм-турум маданиятын билбегендиктен, тагыраагы биз, улуу муундун өкүлдөрү, үйрөтпөгөндүктөн, опурталдуу оорулардын түрлөрү пайда болду. Муну менен катар эле оорулар жашарды. Эгер биз азыркы өспүрүмдөргө ден соолукту бекемдөө жана сактоо боюнча маалымат жеткирсек, 15-20 жылдан соң дени сак коомду көрө алмакпыз", — деди адис.

Жумакулова өспүрүм курактан тарта ден соолукка кам көрүү абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0