Ишкерлерди өз товардык белгисин иштеп чыгууга чакырабыз. Учурда бул багытта түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Артык Базаркулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ишкерлер башка фирмалардын брендин уруксатсыз пайдаланган учурда ээси сот аркылуу кайра тартып алганга укуктуу.
"Ишкерликтин кандай түрү болбосун, анын өз аты болгону жакшы. Бул биринчи кезекте ишкердин убактысын жана каражатын үнөмдөйт. Эгер ишкер башка бир брендди уруксаты жок пайдаланса, анын ээси сотко берип кайра тартып алганга укуктуу. Өз товардык белгиси менен бизнес жасоонун дагы бир жакшы жагы — ал чет өлкөгө таанылууга мүмкүнчүлүгү чоң. Учурда Кыргызпатент ишканасы бул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн бир айлык акция баштады. Анын алкагында товардык белгилерди колдонуу тууралуу жеринен кенен маалымат таратып жатабыз", — деди Базаркулов.
Ал брендди колдонуу боюнча маалымат алууну каалагандар аталган ишканага кайрылса болорун кошумчалады.
18-январдан тарта Бишкектеги орто мектептер салттуу режимде окуй башташат. Бул тууралуу Чынара Исакова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, балдарын мектепке жеткирип барган ата-энелер да эпидемиологиялык абалды эске алып, тиешелүү эрежелерди карманышы шарт.
"18-январдан тарта Бишкек мэриясына караган мектептер айрым класстардын окуучулары үчүн эшигин ачат. Алар 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары. Жалпысынан 56 миңден ашуун окуучу барып окуйт. Бардык эпидемиологиялык шарттар эске алынды, мектептер даяр", — деди Исакова.
Адис бирдиктүү мектеп формасы талап кылынбастыгын, бирок дресс-кодду сактоо зарылдыгын кошумчалады.
Дача СУдагы кырсыкта элдин ынтымагына суктандым. Бишкектиктердин күйүмдүүлүгүн көрүп, көзүбүзгө жаш алдык. Мындай сезимдери менен Дастан Женгенбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып бөлүштү.
Куткаруучунун айтымында, элден ар кандай жардамдар кырсык болгон күнү түштөн тарта келе баштаган.
"Мен ал күнү күзөттө болчумун. Бир сааттан соң нөөмөттү тапшырабыз деп турганбыз. Аңгыча эле "Манас" аэропорту жакта учак кулады деген чакырык келип түштү. Алгач уккан кулагыма ишенген жокмун, тилекке каршы, маалымат чын болуп чыкты. Саат 8ге чамалап жетип бардык. Согушка түшкөндөй эле болдук. Урандылар менен коюу туман, түтүндүн арасынан чыккан онтологон үндөр жүрөгүбүздүн үшүн алды. Саат 14:00гө чейин тынымсыз иштеп жаттык. Негизги максатыбыз, тилегибиз да тирүү адамдарды табуу эле. Түштөн баштап элден гуманитардык жардам келе баштады. Улгайган апалар бир килограмм кумшекер, бир банка варенье, жаш балдар чогултуп жүргөн тыйындарын кутучасын жара чаап көтөрүп келип жаткандарын көргөндө көзүмө жаш алдым. Шаардыктардын мындай боорукерлигин, ынтымагын ошондо алгач ирет көргөм", — деди Женгенбеков.
Ал куткаруучулук кызмат өзүмчүл болбоого тарбиялай тургандыгын кошумчалады.
Эскерте кетсек, каргаша 2017-жылы 16-январда эртең менен болгон. Жүгү бар Boeing учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, аэропорттун жанындагы Дача СУ айылына кулаган. Натыйжада айылдын 35 тургуну менен экипаждын төрт мүчөсү тең каза тапкан.
Sputnik агенттиги Дача СУдагы авиакырсыктын себебин ачып берген даректүү тасма даярдады.
БИШКЕК, 17-янв. – Sputnik. Кулактын маал-маалы менен чуулдап турушу олуттуу оорулардан кабар берет. Бул тууралуу Express илимий басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Окумуштуулар кулактын чуулдашына В12 витамининин тартыштыгы себепкер экенин айтышты.
"Бул витамин нерв системасынын ишине, канда эритроциттердин пайда болушуна жана ДНКга жооп берет. Эгер бул витамин жетишпесе, нерв клеткалары бири-бири менен жетишерлик байланыша албай, ошондон улам кулакта үндөр пайда болот", — деп айтылат макалада.
В12 витамини аз адамдын айрым учурда колу-бутунун айрым жерлери чымырап, убактылуу эч нерсени сезбей калат.
Ошондуктан адистер өзүнөн мындай белгини байкаган бардык адамдарга колдон келишинче эртерээк дарыгерге кайрылууну сунуштайт.