Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Түлөбаев: мэрия кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылууга аракет кылабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековТүлөбаев: Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев. Архивное фото
Түлөбаев: Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев мэрия кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоор иштелип жатканын айтты.
Түлөбаев: мэрия кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылууга аракет кылабыз

Келечекте баскыч-баскычы менен мэрия кызматкерлерин үй менен камсыз кылууну ишке ашырабыз. Бирок азыркы тапта мэрия жана анын структурасында жалпысынан 7 миңге жакын кызматкер эмгектенип жатат. Бул тууралуу Балбак Түлөбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда долбоорду ишке ашыруу үчүн аракеттер көрүлүп жатат.

"Бишкек мэриясынын борбордук аппаратында 100дөн ашуун кызматкер иштейт. Мэриянын структурасында жалпысынан 35ке жакын муниципалдык ишкана бар. Андагы кызматкерлердин жалпы саны 7 миңге жакын. Кыскача айтканда, бул ошол эле шаардын ичин тазалоочу кызматкерден тартып, мэрдин өзүн кошкондогу жалпы көрсөткүч. Бардыгын үй менен камсыз кылуу өтө оор. Бирок бизде мэриянын кызматкерлери үчүн турак жай куруу боюнча долбоор бар. Ал этап-этабы менен ишке ашышы керек", — деди мэриянын аппарат башчысы.

Ал мэрия жана анын структурасында иштеген 7 миң кызматкер Бишкек шаары үчүн көптүк кыларын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0