Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алсеитова: маданият тармагындагы жарандарга жакшы көңүл бурулбай жатат

© Sputnik / Асель АкматалиеваБүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин окуу бөлүмүнүн башчысы Динара Алсеитова
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин окуу бөлүмүнүн башчысы Динара Алсеитова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 2-ноябрь - маданият кызматкерлеринин күнү.
Алсеитова: маданият тармагындагы жарандарга жакшы көңүл бурулбай жатат

Акыркы учурларда маданият тармагында иштеген жарандарга көңүл бурула баштады, бирок жетиштүү деңгээлде эмес. Мындай пикирин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин окуу бөлүмүнүн башчысы Динара Алсеитова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, маданият кызматкерлери маянанын аздыгынан чет жактарга иштеп кетүүдө.

"Маданиятка союз кулагандан тарта көңүл бурулбай калган эле. Соңку кездерде жылыш бар, бирок жетиштүү деңгээлде эмес. Ооба, маданият кызматкерлеринин маянасы 80 пайызга жогорулады. Бирок бул улуттук статусу бар мекемелерде иштеген, талаптарга жооп берген гана кызматкерлерге тийиштүү. Айлыгы жогорулабаган маданият өкүлдөрү дагы деле 3000 – 5000 сом айлык алууда. Бул сумма эч нерсеге жетпейт. Ошондуктан, таланттуу жаштарыбыз акча табуу үчүн чет жактарга кетип жатат", — деди Алсеитова.

Ал өкмөттөн аймактардагы маданият кызматкерлерине да шарт түзүп, маянасын жогорулатууну суранды.

Жаңылыктар түрмөгү
0