Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жолдошева: шаарды жашылдандырууну кышында баштайбыз

© Sputnik / Жоомарт УраимовГлавный агроном МП "Зеленстрой" Эльнура Жолдошева
Главный агроном МП Зеленстрой Эльнура Жолдошева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкек жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын директору Элнура Жолдошева шаарды жаз мезгилине карата көрктөндүрүү жана жашылдандыруу аракеттери азыртадан эле башталгандыгын маалымдады.
Жолдошева: шаарды жашылдандырууну кышында баштайбыз

Бишкек шаарын жаз-жай мезгилине даярдоо боюнча иш-аракеттер азыртадан эле башталып, ага ылайык учурда жаңы бак-дарактардын, жоогазын гүлдөрүнүн көчөттөрү отургузулуп жатат. Бул тууралуу "Бишкек жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын директору Элнура Жолдошева Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, келээрки жылда шаар газондорун калыбына келтирүү иш-чараларына өзгөчө көңүл бурулат.

"Биз кышкысын жылуу-жумшак мештин жанында отурбайбыз. Бардык жыл мезгилинде биз үчүн иш көп. Азыр куурап калган бак-дарактардын бутактарын кыркып, жаңы көчөттөрдү отургузуп жатабыз. Келээрки жылы газондорду жаңылоо биз үчүн алдыңкы планда. Буюрса, газондорду жашыл килемдей кылып жайганга бардык күч-аракеттерибизди жумшап жатабыз. Андан сырткары, көчөттөр өстүрүлчү гүл бакчада дагы иштер тынымсыз жүрүп жатат. Ал жерди инфекциядан коргоо, тазалоо иштери жүрөт. Андан кийин декабрь айында үрөндөр себилет, алар үшүп калбашы үчүн жылуулоо, жазгыга гүлдөрдү отургузуу үчүн орундуктарды камдоо иши башталат", — деди Жолдошева.

Андан сырткары, ал шаарды жашылдандыруу муниципалдык ишканасында жалпысынан 700дөй кызматкер эмгектенерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0