Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Баатырбеков: тышкы саясатты бир адам жүргүзүшү керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков
Кыргызстан фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков 2010-жылы Башмыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде өлкөнүн тышкы саясатын жүргүзүүнү президент аныктай тургандыгын айтты.
Баатырбеков: тышкы саясатты бир адам жүргүзүшү керек

Эл аралык мамилелерде өтө кылдат болуу керек. Андыктан бул жоопкерчиликтүү ишти мамлекеттин атынан бир адам же бир пикирдеги адамдардын тобу жүргүзгөнү туура. Мындай пикирин Алмазбек Баатырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылга чейин Конституцияда эл аралык мамилелердин аткарылышы жазылып, бирок аны ким аныктай турганы белгиленбей калган. Бул боштукту парламенттин V чакырылышы толтуруп, тышкы саясатты жүргүзүү вазийпасы өлкө башчысына жүктөлгөн.

"Эл аралык мамилелер кылдаттыкты талап кылат. Андыктан ар бир өлкө тышкы саясатка жоопкерчилик менен мамиле жасайт. Биздин Башмыйзамда буга чейин эл аралык мамилелердин аткаруу жолдору жазылып, бирок аны ким белгилей турганы көрсөтүлбөй калган. Парламент мыйзамдагы бул боштукту V чакырылышта, мен эл аралык мамилелер комитетин жетектеп турганда толтурду. Эми Конституцияга ылайык, тышкы саясатты президент жүргүзөт. Бул менин пикиримде туура. Анткени бир адам же бир пикирдеги адамдар тобуна жоопкерчилик жүктөлүшү керек. Учурда кандайдыр бир себептер менен мамилебиз сууй түшкөн өлкөлөр менен да карым-катышыбыз жакшырып келе жатканына барыбыз күбө болуп жатабыз. Демек депуттатар мыйзамды толуктоодо аталган милдетти президентке жүктөп, туура кылышкан", — деди Баатырбеков.

Депутат тышкы саясаттын туура жүргүзүлүүсү президенттин ар бир сөз, кыймыл-аракетинен көз каранды экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0