Эйр Манас авиакомпаниясынын директорунун финансы боюнча орун басары Данияр Арынов. Архив

Арынов: жакын арада авиабилеттердин баасы арзандабайт

97
(жаңыланган 16:06 06.11.2018)
"Эйр Манас" авиакомпаниясынын директорунун финансы боюнча орун басары Данияр Арынов авиабилетке бааны кароодо компаниянын чыгымынын көлөмү эске алына тургандыгын айтты.
Арынов: жакын арада авиабилеттердин баасы арзандабайт

Авиабилеттерге болгон бааны түшүрүү кыйын. Андыктан жакынкы арада баалар өзгөрүүсүз калат. Бул тууралуу Данияр Арынов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, авиакомпаниянын баа саясаты ишканадагы чыгымдардын көлөмүнөн көз каранды.

"Учак билеттеринин баасын арзандатуу бир гана авиакомпанияга тиешелүү эмес. Авиакеросиндин баасы, техникага сарпталган каражат, аэропорттун ижара акысы жана башка ушул сыяктуу бир топ чыгымдар бар. Кыскача айтканда, өзүн-өзү акташы керек. Тилекке каршы, чыгашаларды эске албай туруп, бааны төмөндөтүп салуу мүмкүн эмес. Биз ансыз деле кыскартуунун жолундабыз. Биздин бир кызматкер эки-үч кишинин жумушун аткарат. Андыктан баа саясатына келгенде бардык жагдай бизден эле көз каранды боло бербейт," — деди Арынов.

Ошондой эле ал эл кайсы авиакомпаниянын акыбалы кандай экенин ажырата билиши керектигин кошумчалады.

97
Белгилер:
баалар, авиакомпания, Данияр Арынов
Тема боюнча
Жылына 200 млн. жүргүнчү, күнүнө 2000 учак кабыл алат. "Стамбул" аба аэропорту
Арынов: эл кайсы авиакомпаниянын акыбалы кандай экенин ажырата билсе
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова. Архив

Естебесова: койдун майын сыйпоону физиотерапиялык дарылоо десек болот

483
(жаңыланган 18:43 05.08.2020)
Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова коронавируска чалдыккан учурда койдун майын же башка майларды сыйпоо же ичүү тууралуу медициналык көз карашын билдирди.
Естебесова: койдун майын сыйпоону физиотерапиялык дарылоо десек болот

Койдун майын же башка майларды сыйпоо физиотерапиялык натыйжа берет десек болот. Бул тууралуу Бермет Естебесова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, койдун, кашкулактын же башка жаныбарлардын майын дарылануу үчүн колдонсо болот, бирок айрым маанилүү делген эрежелерди сактоо керек.

Россиялык дарыгерлер: кыргыз медиктери COVID-19ду дарылоону жакшы өздөштүргөн

"Илгертен эле апаларыбыз жөтөлүп калса көкүрөгүнө, далысына койдун майын сыйпаган. Бул ошол сыйпалган жерди жылуу кармап физиотерапиялык натыйжа берет десек болот. Эгерде жабыркаган органга суук өтүп ооруп жатса гана мындай ыкма пайдалуу. Кеселдеген  органды сыртынан ысытып, кан айланууну жакшыртып турат. Негизи эле койдун майынан башка да элдик медицинада колдонулуп келген майлар ушундай иш аткарат. Бирок аларды сүткө кошуп же башка бир суюктуктарга кошуп ичүү кооптуу. Биринчиден, ооруп турган адамдын бооруна күч келтирет. Мунун кесепети кийин жаман аякташы да ыктымал", — деди Естебесова.

Дарыгер адамда холецистит, панкреатит, гепатит болсо мындай ыкма менен дарыланбай эле койгону туура болорун кошумчалады.

483
Белгилер:
пневмония, коронавирус, Бермет Естебесова
Тема боюнча
Естебесова: коронавирустан айыккан адам элге качан аралашса болору белгисиз
Врач-эндокринолог Гүлжамал Турсункулова

Турсункулова: күн чыккандан кийин уктабай эле койгон дурус

626
(жаңыланган 18:01 05.08.2020)
Врач-эндокринолог Гүлжамал Турсункулова адамдын организминде ар бир саатта ар башка гормондор иштелип чыгып турарын жана бул режим бузулган учурда ден соолукка олуттуу зыян келерин айтты.
Турсункулова: күн чыккандан кийин уктабай эле койгон дурус

Мелатонин "уйку гормону", серотонин "кубаныч же бакыт гормону" деп аталат. Бул экөөнү тең мээнин ортоңку бөлүгүндө жайгашкан эпифиз бези бөлүп чыгарат. Аталган гормондор бири-бири менен эриш-аркак иш алып барып, адамдын ден соолугуна олуттуу таасир тийгизет. Бул тууралуу Гүлжамал Турсункулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Дарыгердин айтымында, мелатонин гормону саат 21:00дөн баштап бөлүнүп чыгып, организмди уйкуга чакыра баштайт. Түнкү 02:00де эң көп бөлүнгөн чегине жетип, таңкы 04:00төн баштап азаят.

Турсункулова: коомдун стресс гормону тууралуу кенен маалыматы жок

" Адамдын организми өз функциясын жеткиликтүү аткарууда гормондордун орду чоң. Өзгөчө жашоонун булагы болгон уйкуну чакырып, адамды эс алдырып турган мелатонин гормону бар. Ал эми бул гормондун пайда болушун серотонин гормону шарттайт. Серотонинди биз күн нурунан жана курамында антиоксиданттар бар азыктардан алабыз. Мелатонин гормону адамдын биологиялык сааты туура иштеген учурда 21:00дөн тарта пайда болуп, организмди уйкуга даярдай баштайт. Андыктан бул убакыттан көп кечиктирбей уктоо керек. Ал эми таң агарып, тагыраагы, таңкы 04:00, 05:00 аралыгы аталган гормон активдүүлүгүн жоготуп, жыйынтыгында адам уйкудан ойгонушу шарт. Башкача айтканда, ушул сааттар аралыгы уктаган уйку биздин организмибиз үчүн пайдалуу, аны эс алдырат. Ал эми күн чыккандан кийинки уйкунун пайдасы жок. Ошондой эле күндүз атайын үйдү караңгылатып алып уктоо да организмге жакшы таасирин тийгизбейт. Негизи эле адам ден соолукта болушу үчүн ар саатта ар башка гормондор бөлүнүп чыгып, өз тартиби менен иштеп турат ", — деди Турсункулова.

Эндокринолог серотонинди көбөйтүү үчүн атайын таблеткаларды ченемсиз ичүү галлюцинация, шизофрения ооруларына алып келиши ыктымалдыгын кошумчалады.

626
Белгилер:
кеңеш, уйку, ден соолук
Тема боюнча
Турсункулова: стресс иммунитетти түшүрөт, аны көтөрүүнүн жолу бар
Аэрофлот авиакомпаниянын Airbus A320  учагы. Архив

"Аэрофлот" бир нече шаарга августтагы каттамдарын токтотту. Ичинде Бишкек да бар

15
(жаңыланган 13:47 06.08.2020)
Буга чейин КРдин Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев Россия Кыргызстанга 15-августтан 30-августка чейин каттамдарды жаңылоо маселесин карап жатканын айткан.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Россиянын "Аэрофлот" авиакомпаниясы буга чейин пландалып, билеттер сатылып кеткен август айындагы бардык каттамдарын токтотту. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Компания учууларды кайра токтоткон шаарлардын тизмесинен Бишкекти дагы көрүүгө болот.

"Аэрофлот" дүйнөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен август айына пландалган каттамдарын токтотуп турууга мажбур болду", — деп айтылат компаниянын түшүндүрмөсүндө.

Буга чейин Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев Россия Кыргызстанга 15-августтан 30-августка чейин каттамдарды жаңылоо маселесин карап жатканын айткан.

Кыргызстан жакында үч өлкө менен аба каттамын жандантууну пландап жатат

Эске салсак, Борбор Азия мамлекеттеринде, анын ичинен Кыргызстанда Россия менен аба каттамдарынын ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Чек ара жабылгандан кийин миңдеген адамдар сыртта калып, учурда алардын көбү үйүнө кайтууну көздөп турушат.

15
Белгилер:
пандемия, миграция, учак, каттам, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Кыргызстанга эл аралык аба каттамдары августта жаңыланабы? Расмий жооп