Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алыбаева: телевидениеде эң бактылуу күндөрүмдү өткөрдүм

© Sputnik / Табылды КадырбековКТРКнын отличниги, режиссер Рабига Алыбаева
КТРКнын отличниги, режиссер Рабига Алыбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КТРКнын отличниги, режиссер Рабига Алыбаева телевидениеде дасыккан режиссер болуп чыгуусуна Балташ Кайыповдун эмгеги чоң экенин айтып өттү.
Алыбаева: телевидениеде эң бактылуу күндөрүмдү өткөрдүм

Телевидениеде эң бактылуу күндөрүмдү өткөрдүм. Бул кесиптин профессионалдары менен иштешип калганыма сыймыктанам. Бул тууралуу Рабига Алыбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде  маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргыз телевидениесинде 1970-80-90-жылдары күчтүү журналисттер тобу эмгектенген.

"Теледе режиссер болуп иштеп калышыма Балташ Кайыповдун эмгеги чоң. Ал киши өтө калыс, баарыбызга өз баласындай мамиле кылган мыкты устат эле. Мен негизи эле Жолдубай Кайыпов, Роза Ырыскелдинова, Турсун Исаева, Сагида Бакирова, Орозбек Чолпонкулов, Амантай Ниязалиев сыяктуу өз кесибинин мыктылары менен иштедим. Бул кишилер ынтымакты туу тутуп, жаштарга мээрим төгүп, жамааттын кызыкчылыгын алдыга коюп иштешкендиктен телевидение өнүктү деп ойлойм. Ушундай улуу инсандар менен чогуу теленин тузун татып иштеп калганыма бактылуумун", — деди Алыбаева.

Ал кыргыз журналистикасында учурда да кесипкөй жаштардын көп экендигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, Балташ Кайыпов кыргыз телевидениесинин туңгуч режиссеру, КРдин эл артисти наамынын ээси.

Жаңылыктар түрмөгү
0