Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шерматов: эмдөөгө келбегендик маалыматтын жетишсиздигинен болууда

© Sputnik / Табылды КадырбековДин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертиза жана диний уюмдар менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы Шүкүр Шерматов
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертиза жана диний уюмдар менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы Шүкүр Шерматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертиза жана диний уюмдар менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы Шүкүр Шерматов эмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын айтты.
Шерматов: эмдөөгө келбегендик маалыматтын жетишсиздигинен болууда

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жер-жерлердеги өкүлчүлүктөрү эл менен тыгыз иштеп, эмдөөнүн артыкчылыгы тууралуу кенен маалымат берүүсү керек. Бул тууралуу Шерматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жер-жерлердеги тургундар өлкөнүн расмий булактарынын маалыматтарына караганда, интернеттеги такталбаган кабарларга көбүрөөк ишенет.

"Бардыгы маалыматтын жетишсиздигинен болууда. Жакын арада биз жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келдик. Мындай иш-чаралар Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында өттү. Андан жыйынтык чыгат деген үмүттөбүз. Чындыгында эмдөөдөн баш тарткандардын басымдуу бөлүгү динчил адамдар дегенден да алыспыз. Болгону түшүндүрүү, туура маалымат жеткирүү тиешелүү деңгээлде болбой жатат," — деди Шерматов.

Ал жарандар кеп-кеңеш алууда бир гана мамлекеттик, расмий маалымат булактарына кайрылуу зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0