Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мукеева: алты миллион адамды 1,5 миң үй-бүлөлүк дарыгер тейлеп жатат

© SputnikДиректор Ассоциации групп семейных врачей и семейных медсестер Суйумжан Мукеева
Директор Ассоциации групп семейных врачей и семейных медсестер Суйумжан Мукеева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үй-бүлөлүк дарыгерлер жана медайымдар ассоциациясынын аткаруучу директору Сүйүмжан Мукеева Союз урагандан кийин 4,5 миллион элге болгону 15 миң дарыгер кызмат көрсөтүп калгандыгын айтты.
Мукеева: алты миллион адамды 1,5 миң үй-бүлөлүк дарыгер тейлеп жатат

Алты миллион калкты 1,5 миң үй-бүлөлүк дарыгер тейлеп жатат. Россия менен Казакстанда дарыгерлердин айлыгы жогору болгондуктан, адистер ошол жакка иштеп кетүүдө. Бул тууралуу Сүйүмжан Мукеева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган эки өлкөдө үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу боюнча программанын алкагында медиктердин маянасы миң долларга чейин жетет.

"2005-06-жылдары өлкө боюнча 11 500дөй гана дарыгер калган. Өлкөнүн экономикасын эске алып, өкмөт эл аралык донорлорго саламаттык сактоо тармагына көмөк көрсөтүү боюнча кайрылган. Анын натыйжасында "Манас" программасы түзүлүп, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу пайда болгон. Мунун алкагында 3,5 миң адис кайра окуудан өтүп, даярдалды. 2010-11-жылдары аймактык дарыгерлер жоюлуп, дарыгерлердин ансыз деле аз маянасы дагы кыскарып, базалык айлык акысы эле калды. Анын өлчөмү 5000 сом, ар кандай социалдык төлөмдөрдү төлөп отуруп, колго болгону 4300 сом эле тиет. Көп адистер ушундан улам кетип калышкан. Учурда өлкө боюнча болгону 1,5 миң үй-бүлөлүк дарыгер иштеп жатат. Иштин көлөмү чоң, алган акылары аз болсо, медициналык тейлөөнүн сапатын кантип жогорулата алабыз?" — деди Мукеева.

Андан сырткары, ал адистик курамдын 60-70 пайызы улгайган адамдар экендигин, жаш кадрлардын жетишсиздиги курч маселе болуп тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0