Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын жетекчиси Жолдошбек Жанжигит уулу. Архивдик сүрөт

Жанжигит уулу: жаш көрүүчүлөр театрынын залы 120 кишини гана батыра алат

27
(жаңыланган 18:07 10.11.2018)
Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын жетекчиси Жолдошбек Жанжигит уулу театр көп учурда башка маданият үйлөрүн ижарага алып спектакль кое турганын айтты.

Жаш көрүүчүлөр театрынын залы 120 көрүүчүнү гана батыра алат. Бул тууралуу Жолдошбек Жанжигит уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, быйылкы театр сезонунда жаш көрүүчүлөр үчүн бир топ кызыктуу спектаклдер сахналаштырылып, театр сүйүүчүлөрүнө жагымдуу маанай тартуулап жатат.

"Биздин театрдын көрүүчүлөрү негизинен жаштар, мектеп окуучулары болгондуктан, бул жылы Айтматовдун "Биринчи мугалим" чыгармасын алгачкы жолу сахналаштырдык. Сахнада болгону алты актер ойнойт. Бул спектакль менен Чүй облусунун айрым райондорун кыдырып келдик. Абдан жакшы кабыл алышты. Жакында Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясы бизге 200 миң сом бөлүп берип, райондун бардык мектептерине аталган чыгарманы коюп берүүбүздү өтүндү. 21 мектеп бар экен. Өзүбүздүн сахнабыз болсо өтө эле чакан. Болгону 120 орун бар, көрүүчүлөрдүн баары батпайт", — деди Жанжигит уулу.

Буга чейин ал көптөр Жаш көрүүчүлөр театрынын дарегин билбей турганын кошумчалаган.

27
Белгилер:
сахна, көрүүчү, театр, Жолдошбек Жанжигит уулу
Тема боюнча
Жанжигит уулу: көптөр Жаш көрүүчүлөр театрынын дарегин билишпейт
Жанжигит уулу: улуттук статусу жок театр кызматкерлеринин айлыгы өскөн жок
Пикирлер