Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чалапинов: маданият өкүлдөрү өзгөлөргө үлгү болушу шарт

© Sputnik / Асель АкматалиеваОтличник образования КР, заслуженный деятель Жетиген Чалапинов
Отличник образования КР, заслуженный деятель Жетиген Чалапинов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын окутуучусу, Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагына эмгек сиңирген ишмер Жетиген Чалапинов маданият жок жерде өнүгүү болбой турганын айтты.
Чалапинов: маданият өкүлдөрү өзгөлөргө үлгү болушу шарт

Маданият кызматкерлерин көрүп башкалар суктанат жана алардан үлгү алат. Ошол үчүн биринчи кезекте алар маданияттуу болууга тийиш. Бул тууралуу Жетиген Чалапинов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, маданият жок жерде өнүгүү болбойт.

"Эң биринчи кезекте маданият кызматкерлери өздөрү маданияттуу болуп, башкаларга үлгү болушу шарт. Маданият жок жерде өнүгүү болбойт. Илгертен бери эле маданияты бийик болгон өлкөлөр дайыма өнүгүүнүн жолунда болуп келген. Маданият коомдо негизги ролду ойнойт. Бул нерсеге эң биринчи маданият кызматкерлери көңүл буруш керек. Анткени аларды көрүп, карапайым калк өрнөк алат, алар сыяктуу болгусу келет. Өзгөчө өнөр адамдарын чет мамлекетке чыкканда өздөрүнүн кадыр-баркын сактап, жүрүм-турумуна көңүл буруп жүрүүгө чакырат элем. Биздин өлкөнүн атынан барган ырчы болобу, актер болобу, режиссёр болобу, алар өздөрүнүн эле эмес, мамлекеттин да жүзү болуп саналарын унутпашы зарыл", — деди Чалапинов.

Ошондой эле ал окуу жайлардагы музыкалык аспаптардын эскилиги жеткендигин да кошумчалап кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0