Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Назым Меңдебаиров

Меңдебаиров: театрда Айтматовдун чыгармалары күнүнө эки-үч ирет коюлат

77
(жаңыланган 15:02 12.11.2018)
Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Назым Меңдебаиров улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына быйыл өзгөчө көңүл бурулуп, сахналаштырылып жатканын айтты.
Меңдебаиров: театрда Айтматовдун чыгармалары күнүнө эки-үч ирет коюлат

"Саманчынын жолу" спектакли күнүнө эки-үч ирет коюлган учурлар болот. Бул тууралуу Назым Меңдебаиров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына көрүүчүлөр тарабынан ар дайым кызыгуу болуп келет.

"Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекеси театр айдыңында да кызуу белгиленүүдө. Анын чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдер ар дайым суроо-талапка ээ. Айта кетсем, "Саманчынын жолу" спектакли айрым күндөрү эки-үч ирет коюлат. Андан сырткары, быйыл репертуарыбызга Бактыгүл Чотурованын калеминен жаралган "Рамаяна" эпосун сахналаштыруу кошулду. Эпостун баарын камтый албасак дагы түпкү тамырын, сюжетин ачып берүүгө аракет кылуудабыз", — деди Назым Мендебаиров.

Ал маянанын аздыгынан улам театрда иштеген таланттуу жаштар чет жакка иштеп кетүүгө мажбур болуп жатканын кошумчалады.

77
Белгилер:
спектакль, театр, чыгарма, Назым Мендебаиров
Тема боюнча
Айтматов жана театр... Бишкекте эл аралык фестиваль өтөт
Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев

Жылкыбаев: облус боюнча 2000 обсервациялык орун даяр турат

3
Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев облуста вирус көбүнесе сырттан келгендерден, оор жүк ташыган айдоочулардан чыгып жатканын айтты.
Жылкыбаев: облус боюнча 2000 обсервациялык орун даяр турат

Облуста жалпысынан алганда абал туруктуу. Башында карантин киргизилип, жергиликтүү калк эрежелерди жакшы сактап берди. Натыйжада май айынын аягынан баштап оору менен күрөшүүдө жакшы жыйынтыктарга жетиштик. Тилекке каршы, сырттан келгендердин агымы менен кайрадан вирус пайда болду. Бул тууралуу Узарбек Жылкыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунана билдирди.

Анын айтымында, облус боюнча 2000ге жакын обсервациялык орун даярдалган.

"Коронавирус менен күрөшүүдө жалпысынан облус боюнча абал туруктуу. Райондордогу ооруканаларда орундар жетиштүү. Ош шаарында гана вирус жуктуруп алгандардын саны көбөйүп жатат, бирок мунун себеби бар. Россиядан жана башка жактардан учуп келген эмгек мигранттары жана оор жүк ташуучу айдоочулардан инфекциянын аныкталып жатышы шаардагы ооругандардын статистикасын көбөйтүп жиберүүдө. Ошондой эле Ош шаарына Жалал-Абаддан келип иштегендер да көп. Дагы бир учур, кошуна мамлекеттерден келген жарандар ооруп калган учурда да облуста дарыланып, каттоого алынып жатат. Мисалы, Тажикстандан Чүйгө келе жаткан 10 жарандын тогузунан вирус аныкталып, Өзгөн аймактык ооруканасында дарыланып, айыккан соң үйлөрүнө узатып койдук. Ал эми жалпы жергиликтүү тургундар арасынан көбүнесе муниципалдык, мамлекеттик кызматкерлер арасынан чыгып жатат. Анткени алар эл менен аралашып иштешет да. Дартка чалдыккандардын 100дөйү ооруканаларда жатса, жарымынан көбү айыгып чыгып кетти. 25тей жаран оорунун симптомдору жеңил өткөндүктөн үйүндө дарыланышууда. Калкка медициналык жардам көрсөтүү үчүн 118 номери тынымсыз иштеп жатат. Мындан сырткары, 154 кыска номери аркылуу жарандар түрдүү социалдык суроолоруна жооп ала алышат", — деди Жылкыбаев.

Губернатор облуста аш, той өткөрүп жиберген учурлар да катталганын, эми мындай кадамга баргандар катуу жазага тартыларын кошумчалады.

3
Белгилер:
абал, Ош, коронавирус, Узарбек Жылкыбаев
Тема боюнча
Жумаканова: студенттер лабораториялык сыноолорго киргизилбейт
Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык эмдөө борборунун эпидемиолог-дарыгери Азим Кыргызбаев

Кыргызбаев: салыштырмалуу былтыр эмдөөдөн баш тарткандар азайды

2
(жаңыланган 12:46 02.07.2020)
Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык эмдөө борборунун эпидемиолог-дарыгери Азим Кыргызбаев эмдөөдөн баш тарткан ата-энелердин саны жылдан-жалга азайып жаткандыгын айтты.
Кыргызбаев: салыштырмалуу былтыр эмдөөдөн баш тарткандар азайды

2018-жылы ар кандай себептер менен эмдөөдөн баш тарткан үй-бүлөлөрдүн саны 8 500гө жетсе, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин бул көрсөткүч бир жыл аралыгында 2000ге кыскарды. Бул тууралуу Азим Кыргызбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы 6 500 үй-бүлө балдарын эмдетүүдөн баш тарткан.

"Эмдөөдөн баш тарткандардын саны жылдан-жылга азаюуда. Бул түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн натыйжасы. Тилекке каршы, салттуу исламды туура эмес түшүнгөн үй-бүлөлөр арасында аталган маселе курч турчу. Муфтият менен тыгыз иштешүүнүн негизинде көйгөйдү чечтик десем болот. Анткени диний кызматкерлер, мечит имамдары эмдөөнүн зарылдыгын жума сайын айтып, жергиликтүү телеканалдар, радиолор аркылуу маалыматтар дембе-дем берилип турду. Анын жыйынтыгында 2018-жылы 8500 үй-бүлө вакцина алуудан баш тартса, 2019-жылы 6500гө түштү. 2020-жылдын жыйынтыгын азырынча айта албайбыз, анткени коронавирус пандемиясы учурунда эмдөөлөр жалпы токтотулган эле", — деди Кыргызбаев.

Дарыгер эмдөөгө динде тыюу салынбагандыгын белгилеп, көбүнесе убагында эмдетпей койгон ымыркайлар тигил же бул оорудан чарчап калып жаткандыгын кошумчалады.

2
Белгилер:
дин, ата-эне, эмдөө
Тема боюнча
Абдраманов: унаабыз жок, бейтаптарды такси менен ташыйбыз