Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдыкеев: жашоого жарактуу деген уруксаты бар компаниялардан үй алыңыз

Жазылуу
Юрист Эрнист Абдыкеев жарандар кайсы компаниядан батир сатып алып жатканына өзгөчө маани бериши керектигин айтты.
Абдыкеев: жашоого жарактуу деген уруксаты бар компаниялардан үй алыңыз

Жашай турганга жарактуу деген уруксат кагазы бар курулуш компанияларынан турак жай сатып алыш керек. Бул тууралуу Эрнист Абдыкеев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жеке тарап менен курулуш компаниясынын ортосундагы келишим өтө маанилүү.

"Батир сатып алуудан мурда курулуш компаниялар тууралуу маалыматка ээ болуу зарыл. Алардын кайсы убактан бери иштеп жатканына, куруп жаткан үйлөрүнүн канчасы жашаганга берилгенине көңүл буруш керек. Эң башкысы, жашаганга уруксаты бар деген кагазын сөзсүз караңыздар. Жеке тарап менен курулуш компаниянын келишимине дыккаттык менен мамиле жасаңыз. Курулуш аягына чыкпай калган учурда ошол келишимдин негизинде сот процесси жүрөт", — деди Абдыкеев.

Адис курулуш компаниялар сатып алуучудан алдын ала акча алган учурда курулуш кайсы деңгээлге келгенин каражат алган кишилерге көрсөтүп турушу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0