ИИМ ЖКККББнын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркулов. Архив

Саркулов: мектептердеги унаа токтотуучу жайлардын аянтын кеңейтүү керек

35
(жаңыланган 15:03 13.11.2018)
ИИМ ЖКККББнын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркулов чоң шаарларда жергиликтүү бийлик менен биргеликте мектептердеги унаа токтотуучу жайлардын аянтын кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгын айтты.
Саркулов: мектептердеги унаа токтотуучу жайлардын аянтын кеңейтүү керек

Мындай көйгөйлүү маселелер Бишкек, Ош, Каракол, Жалал-Абад сыяктуу чоң шаарларда бар. Бул тууралуу Иманалы Саркулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, орто билим берүүчү мекемелердин унаа токтотуучу жайлары мектептерге эмес, шаар бийлигине карайт.

"Чоң шаарларда орто билим берүү мекемелеринин тегерегинде унаа токтотуучу жай жетишпейт. Анын кесепетинен жолдо кооптуу абал пайда болуп жатат. Себеби таңкысын балдарын окууга унаа менен алып келген ата-энелер жол эрежесин бузуп, машинасын өзүнүн ыңгайына карап токтотуп коюшат. Бул тыгынды пайда кылып, башка айдоочулардын кыжырын келтирет. Негизи мектептердин тегерегиндеги мындай жайлар окуу жайга карабайт. Ошондуктан билим берүү мекемесинин администрациясы көзөмөлгө ала албайт. Биздин башкармалыктын да бул жердеги унааларды тартипке салууга укугу жок. Жер ээси болуп шаар бийлиги эсептелет. Ушуга байланыштуу учурда чоң шаарлардын муниципалитеттери менен бирдикте мектептердин унаа токтотуучу жайларынын санын көбөйтүү жана кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз ", — деди Саркулов.

Ошондой эле ал мектептердин айланасында тыгын пайда болбошу үчүн атайын инспекторлор жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында эртең мененки жана кечки нөөмөттө иш алып барып жаткандыгын кошумчалады.

35
Белгилер:
эреже, коопсуздук, тыгын, мектеп, Иманалы Саркулов
Тема боюнча
Саркулов: унааңызды эвакуатор алып кетсе 2370 сом төлөшүңүз керек