Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алсеитова: колунда бар студенттер музыкалык аспаптарды өздөрү сатып алууда

© Sputnik / Асель АкматалиеваБүбүсара Бейшаналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин окуу бөлүмүнүн башчысы Динара Алсеитова
Бүбүсара Бейшаналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин окуу бөлүмүнүн башчысы Динара Алсеитова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүбүсара Бейшаналиева атындагы кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин окуу бөлүмүнүн башчысы Динара Алсеитова аталган окуу жайда музыкалык аспаптардын эскилиги жеткенин айтты.
Алсеитова: колунда бар студенттер музыкалык аспаптарды өздөрү сатып алууда

Акчасы бар окуучулар музыкалык аспаптарды өздөрү сатып алып жатат. Бул тууралуу Динара Алсеитова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, музыкалык аспаптын колдонуу мөөнөтү 45-50 жылды түзөт.

"Музыкалык окуу жайлардагы аспаптардын эскилиги жеткендиктен, айрым колунда бар студенттер өздөрү сатып алып жатат. Алардын баасы да кымбат. Негизи музыкалык аспаптардын колдонуу мөөнөтү 45-50 жылды түзөт. Ал эми биздин окуу жайда 45-50 жылдан ашкан аспаптарды колдонуудабыз. Бул боюнча өкмөткө билдирүү жиберип турабыз, бирок эч кандай жыйынтык боло элек", — деди Алсеитова.

Ал маданият тармагындагы жарандарга да мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулбай келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0