Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бекешев: конвенция кабыл алынса эле майыптар жакшы жашап калбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Дастан Бекешев
Депутат Жогорку Кенеша Дастан Бекешев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугун коргой турган конвенцияга Кыргызстан 2011-жылы кошулгандыгын айтты.
Бекешев: конвенция кабыл алынса эле майыптар жакшы жашап калбайт

Учурда бул документ 167 өлкөдө кабыл алынып, парламенттеринде ратификацияланган. Жакын арада аталган конвенция Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлүп, биринчи окууда кабыл алынды. Бул тууралуу Дастан Бекешев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, конвенция ратификациядан өтөрү менен абал жакшырып кетет деген түшүнүктөн алыс болуу керек.

"Эл аралык конвенция 167 өлкөдө кабыл алынып ратификацияланды. Ал документте мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугун коргоо боюнча бардык эрежелер, милдеттенмелер жазылган. Бирок канткен күндө дагы ал баскыч-баскычы менен гана ишке ашат. Бардык социалдык маселелер кыска убакытта аткарылып калбайт. Мунун баары өлкөнүн экономикасынан көз каранды. Конвенциянын бардык талаптарын аткарууга бир канча жылдар керектелет", — деди Бекешев.

Эл өкүлү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга өзгөчө билим берүү жаатында көйгөй курч экенин, мисалы, көзү азиз өспүрүмдөр үчүн республика боюнча Бишкек жана Ош шаарларында гана атайын мектеп бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0