Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ташбаев: "мүмкүнчүлүгү чектелген" деген терминди башка сөзгө алмаштыруу керек

© Sputnik / Асель Акматалиева"Азиздер жана дүлөйлөр" коомунун төрагасы Марат Ташбаев
Азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасы Марат Ташбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Азиздер жана дүлөйлөр" коомунун төрагасы Марат Ташбаев "мүмкүнчүлүгү чектелген" деген терминди башка сөзгө алмаштыруу керектигин айтты.
Ташбаев: "мүмкүнчүлүгү чектелген" деген терминди башка сөзгө алмаштыруу керек

Колун же бутун кокустатып алган ден соолугу чың адамды деле "мүмкүнчүлүгү чектелген" деш туура эмес. Бул тууралуу Марат Ташбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай учурда дени сак адамдар менен майыптар бир категорияга кирип калууда.

"Мүмкүнчүлүгү чектелген" деген терминди убактылуу ооруган жарандарга карата колдонуу туура эмес. Ден соолугу чың адам деле колун же бутун сындырып алса, ушул категорияга кирип калууда. Коомчулук убактылуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен майыптарды чаташтырбашы зарыл. Мүмкүнчүлүгү чектелген дебестен, майыптыгы бар жарандар же майып адамдар деп өзгөртүп койсо туура болмок", — деди төрага.

Ташбаев көзү азиздер массаж жасоо жумушу менен гана иштей аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0