Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ногойбаева: интернет оюндары баланын сүйлөө жөндөмүн төмөндөтөт

© Sputnik / Досхан НусупбековЛогопед Гулнара Ногойбаева
Логопед Гулнара Ногойбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Логопед, "Угууну жана сүйлөөнү өнүктүрүү" борборунун директору Гүлнара Ногойбаева телефон оюндарынын балага тийгизген зыяны тууралуу айтты.
Ногойбаева: интернет оюндары баланын сүйлөө жөндөмүн төмөндөтөт

Интернет оюндары баланын сүйлөө жөндөмүн төмөндөтөт. Андыктан баланын тили жаңыдан чыгып жатканда ата-эне наристесине өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Бул тууралуу Гүлнара Ногойбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, интернет оюндары баланын коркуу, тынчсыздануу сезимдерин ойготуп, кекечтенүүгө, сүйлөө жөндөмдүүлүгүнүн төмөндөөсүнө алып келет.

"Телефон оюндарын көп ойногон баланын түн уйкусу бузулат, оюн каарманына жан үрөп, тынч уктай албай калат. Бул сөзсүз түрдө сүйлөө жөндөмүн төмөндөтөт. Мурун балага жомок окуп беришчү, сүрөт көрүшчү, ата-энелер бала менен түрдүү оюндарды ойношчу. Мында көрүү, угуу, сүйлөө, жазуу жөндөмү өрчүйт. Азыр көпчүлүгүбүз бул милдеттерди гаджеттерге тапшырып койдук. Ошондуктан ата-эне дагы балдар менен тыгыз иштеп, туура дем алганды, пайдалуу иш менен алектенгенди үйрөтүп, аны көнүмүш адатка айлантуусу керек. Жөнөкөй эле шарды туура үйлөп кайра туура дем чыгарганды көнүгүү катары көрсөтүп, үйрөтүп коюшса, баланын тили так чыгып, сүйлөөдө көйгөй жаралбайт", — деди Ногойбаева.

Ошондой эле адамдын речинде мүчүлүштүктөр болсо жаш курагына карабай аны туура ыкма колдонуу жолу менен жөнгө салса боло тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0