Педагогика илимдеринин кандидаты, ага окутуучу, психолог Кадиян Бообекова

Бообекова: адам бир гана эмес, бир канча кесиптен ийгиликтүү боло алат

62
(жаңыланган 14:37 15.11.2018)
Педагогика илимдеринин кандидаты, ага окутуучу, психолог Кадиян Бообекова адам бардык жөндөмүн камтыган, талантынын ачылышына түрткү берген жумуш менен алектенсе ийгиликтүү болорун айтты.

"Мен туура жолдо баратамбы? Ушул кесип меники беле?" деген суроолор жаралган болсо, анда ал адамдын же өзүндө, же жумушунда, же маянасында, же чогуу иштешкен чөйрөсүндө көйгөй бар. Бул тууралуу Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жогорудагы суроо жаралбашы үчүн ар бир жаран жөндөмүнө жараша кесип тандоого аракет жасашы керек.

"Адам бир гана эмес, бир канча кесиптен ийгиликтүү боло алат. Бир киши бир гана кесиптин ээси болуш керек деген нерсе эч жерде жок. Окумуштуулардын айтканына таянсак, кээ бир өнүккөн өлкөлөрдө балага сабактар сегиз түрдүү интеллект менен окутулуп, алардын жөндөмү эске алынат. Мисалы, музыкалык, тилдик, логикалык, математикалык жана башка болушу мүмкүн. Алар кайсы балада кандай акыл, кандай жөндөм бар экенин аныктап, кайсы жумушка шыктуу экенин айтып беришет. Ага жараша адамдын бардык жөндөмүн камтый турган, таланттарынын ачылышына түрткү берген кесип тандап алса болот. "Эптеп диплом алып алайынчы. Билбейм, окуй берейинчи, анан көрөбүз" деген кайдыгерлик жол көрсөтүлбөгөндүктөн келип чыгат", — деди психолог.

Ал Кыргызстандагы мектептерде кесип тандоо боюнча багыт берген мугалимдин же психологдун иш алып баруусу зарыл экенин кошумчалады.

62
Белгилер:
психология, интеллект
Тема боюнча
Сүйүмбаева: баарлашуу жетишпегендиктен кыздар вебкам-модель болуп иштөөдө
Бообекова: мектептерде кесип боюнча багыт берген мугалим же психолог зарыл