Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ишекеев: кыргыз тилинде пикир алмашууну модага айлантыш керек

© Sputnik / Табылды КадырбековПредседатель Национальной комиссии по государственному языку при Президенте КР Назаркул Ишекеев
Председатель Национальной комиссии по государственному языку при Президенте КР Назаркул Ишекеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев кыргыз тилин пропагандалоо боюнча жакшы иштер жүргүзүлүп, бирок андан керектүү натыйжа чыкпай жатканын айтты.
Ишекеев: кыргыз тилинде пикир алмашууну модага айлантыш керек

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө социалдык жарнактардан сырткары массалык маалымдоо каражаттары менен дагы иш жүрүп жатат. Бирок азырынча жаштар арасында тилге болгон кайдыгерлик мамиледен улам биз күткөн жыйынтык чыга элек. Бул тууралуу Назаркул Ишекеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, улуттук баалуулуктар мейкиндигине кадам шилтенгенде гана тилге болгон мамиле оң нукка бурулат.

"Телевидение, радио, маалымдоо каражаттары менен биргелекте иш алып баруудабыз. Бирок жыйынтык биз күткөндөй эмес. Ал эмнеден? Албетте, ал улуттук баалуулуктардын мейкиндигине кире албай, мезгилдин, учурдун талабына баш ийип, технология заманынын агымынан чыга албай жатканыбыздан. Жаштар арасында тил баалуулугунун маани-маңызын түшүндүрүшүбүз керек. Кыргыз тилинде сүйлөп, пикир алмашууну модага айлантуубуз зарыл", — деди Ишекеев.

Андан сырткары, ал коңшу өлкөлөр мамлекеттик тилин жайылтууда алда канча алдыга созуп кеткендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0