Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакеев: республиканын китепканаларында 20 миллионго чукул китеп бар

© Sputnik / Асель АкматалиеваНачальник Управления сохранения культурного наследия Минкультуры КР Ринат Бакеев
Начальник Управления сохранения культурного наследия Минкультуры КР Ринат Бакеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Ринат Бакеев өлкөдөгү китепканаларда жалпы жонунан 20 миллионго чукул китеп сакталып тургандыгын айтты.
Бакеев: республиканын китепканаларында 20 миллионго чукул китеп бар

Республика боюнча 1061 китепкана болсо, алардын 60ы атайын имараттарда, калганы маданият үйлөрүндө жана башка мекемелерде жайгашкан. Бул тууралуу Ринат Бакеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, быйыл аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында айылдык китепканалардын деңгээлин көтөрүү үчүн алгылыктуу иштер жүрүүдө. Алардын негизгиси болуп Жалал-Абад облусунда республикалык китепканачылар форуму жана Ысык-Көлдө китепканачылардын эл аралык конференциясы өткөрүлгөн.

"Өлкө аймагында жалпысынан 1061 китепкана бар. Алардын экөө республикалык, тогузу облустук, 40ы райондук деңгээлде болсо, калгандары шаар, айылдарда жайгашкан. Буларда баары биригип 19 миллион 376 миң китеп бар. 400дөн ашуун китепканада компьютер орнотулса, жалпысынан 1000ден ашууну интернетке туташты. Ошондой эле аймактарды өнүктүрүү жылында өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында ЮНИСЕФ тарабынан 85 китепканага балдарга арналган кыргыз тилиндеги 1653 китеп берилди", — деди Бакеев.

Ал аймактардагы китепканаларда өз кесибин сүйгөн адискөй китепканачылар гана эмгектенип жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0