Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эгембердиев: колго жасалган жылыткычтардан баш тартуу керек

© Sputnik / Асель АкматалиеваНачальник управления МЧС КР по Чуйской области Азиз Эгембердиев
Начальник управления МЧС КР по Чуйской области Азиз Эгембердиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Азиз Эгембердиев колго жасалган электр мештери, жылыткычтар кооптуу буюмдардын катарында экендигин айтты.
Эгембердиев: колго жасалган жылыткычтардан баш тартуу керек

Кыш мезгилинде электр энергия көп колдонулуп, көмөк чордондорго күч келип, иштен чыгат. Анын бирден-бир себеби — көп турак жайларда колго жасалган жылыткыч жабдуулары колдонулат. Бул тууралуу Азиз Эгембердиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өзүм билемдик менен жасалган жылыткычтар электр энергияны көп сарптап, ар кандай кырсыктардын себепкери дагы болуп эсептелет.

"Колго жасалган ысыткыч буюм-тайымдар өтө кооптуу. Кадимки эле электр спиралынан жасалган мештин үстүнө бат тутануучу буюм түшүп кетип, өрт чыккан учурлар көп. Азыркы тапта жакшы, заманбап жылыткыч жабдуулар бар. Алар биринчиден электр энергиясын аз сарптайт, андан сырткары, коопсуз болуп эсептелет", — деди Азиз Эгембердиев

Ал кыш мезгилинде элге үйдөгү ар кандай электр жылыткычтарды маал-маалы менен жана сарамжалдуу колдонууну сунуштап кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0