Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Атыканов: шаардагы каттамдарда маршрутка айдоочулар жетишсиз

© Sputnik / Табылды КадырбековЗамначальника Управления городского транспорта мэрии Бишкека Нурлан Атыканов
Замначальника Управления городского транспорта мэрии Бишкека Нурлан Атыканов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов шаар боюнча 100гө жакын автобус, 130 троллейбус эл ташууга чыгарын айтты.
Атыканов: шаардагы каттамдарда маршрутка айдоочулар жетишсиз

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарындагы каттамдарды толук камсыздаганга айдоочулар жетишсиз. Бул тууралуу Нурлан Атыканов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда шаардагы автобустук жана троллейбустук каттамдардын да баары иштеп жатат.

"Биринчи кар түшкөндө жол тайгак болуп, интервалдар көбөйүп, жыйынтыгында эл көп убакытка коомдук транспортторду күтүп калды. Биз бул маселе боюнча атайын жыйын да курдук. Ушул тапта шаардагы каттамдарды толук камсыздаганга ар түрдүү себептерден улам айдоочулар жетишпей келет. Ишканаларга талапты катуу коюп, жүргүнчүлөрдү жолдо калтырбаганга чакырдык. Алар менен келишимдик негизде иш алып барылат. Ошондой эле автобустук ишканабыздагы 10 каттамда 100гө жакын, троллейбустук 11 каттамда 130 троллейбус эл ташып жатат", — деди Атыканов.

Ал жакынкы күндөрдө дагы  5-10 жаңы  троллейбус  келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0