Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Надырбеков: жаштарга мамлекеттик башкаруу жеңил көрүнөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКоомдук активист Союзбек Надырбеков. Архивное фото
Коомдук активист Союзбек Надырбеков. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук активист Союзбек Надырбеков бийликке 100 пайыз жаштар келсин деген пикирге каршы экенин айтты.
Надырбеков: жаштарга мамлекеттик башкаруу жеңил көрүнөт

Жаштарга мамлекеттик башкаруу жеңил көрүнөт. Бул тууралуу Союзбек Надырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаштар максималист келет.

"Бийликке 100 пайыз жаштардын келишине каршымын. Жаштар максималист келип, бизге көп нерсе жеңил көрүнөт. Мамлекеттик башкарууда болсо акылмандык талап кылынат. Келечектеги мамлекет башкаруучулар тажрыйбалуу, өз ишин мыкты билген адистерден үлгү алып, жанында жүрүп, иш аткарууну алардын үйрөнүш керек. Жаштарга башынан баштап мүмкүнчүлүк берилиши зарыл. Бардык жерде тажрыйбалуу гана кадрлар талап кылынат, ал эми тажрыйбалуу адистер кайдан чыгат?" — деди коомдук активист.

Надырбеков кызматка жаш келсе да, кары келсе да ошол тармакты мыкты билип, өз кесибинин профессионалы болушу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0