Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Парханов: жаштар саясаты — мамлекет үчүн көйгөйлүү маселе

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаместитель директора ГАМФКиС Мирлан Парханов
Заместитель директора ГАМФКиС Мирлан Парханов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчисинин орун басары Мирлан Парханов жаштар саясатындагы көйгөйлөрдү чечүүгө жогорку кызматтагы жетекчилер да аракет кылып жатканын айтты.
Парханов: жаштар саясаты — мамлекет үчүн көйгөйлүү маселе

Эл аралык практикада спорт жана жаштар тармагы министрлик катары калыптанган. Агентикке салыштырмалуу алардын статусу жогору. Бул тууралуу Мирлан Парханов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаштар саясаты — мамлекет үчүн көйгөйлүү маселе.

"Акыркы эки жылдан бери жаштар саясаты боюнча иш алып баруу биздин агенттикке жүктөлгөн. Андан мурун атайын министрлик бар эле. Ушул тапта өзгөрүүлөр анча көрүнбөй, жыйынтык бербеген учурлар да болуп жатат. Жаштар саясаты — мамлекет үчүн аябай көйгөйлүү маселе. Жаштар министрлигин түзүү же түзбөө боюнча чечимди жетекчилер кабыл алат", — деди Парханов.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова Жаштар министрлигин кайра түзүү керектигин айтып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0