Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Токтосунов: теленин ордун интернет басты деп айтууга абдан эрте

© Sputnik / Максат ЭлебесовБелгилүү теле алып баруучу Олжобай Токтосунов. Архив
Белгилүү теле алып баруучу Олжобай Токтосунов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү теле алып баруучу Олжобай Токтосунов жарандык журналистиканын күч алышы менен журналисттер жөн эле отуруп калды деген пикирге каршы экенин айтты.
Токтосунов: теленин ордун интернет басты деп айтууга абдан эрте

Телевидениенин ордун интернет басып алды деп айтууга али абдан эрте. Бул туурасында Олжобой Токтосунов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, интернет телевидениени талкалап кете албайт.

"Интернеттин кириши менен коомчулук пикир айтууда активдүү боло баштады. Түрдүү маселелер көтөрүлүп, жазылууда. Муну менен катар эле журналисттер да жөн эле отуруп калган жок. Иликтөөнү колго алган медиа кызматкерлердин саны өсүп, коркунучтуу экенине карабай, дараметине жараша алып чыгууда. Аналитикалык материал биринчиден убакытты, экинчиден бейтараптыкты талап кылат. Ал эми жарандык журналистика бул нерсени жасай албайт. Интернет телевидениени талкалай албайт жана ордун басып алды деп айтууга абдан эрте. Социалдык тармактар маалыматты жеткирүүнүн куралы болуп эсептелет", — деди теле алып баруучу.

Токтосунов медиа кызматкерлери журналисттик чеберчиликтен аксап жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0